Мамлекетке миллиондогон чыгымдарды келтирип, коррупция иши менен кармалган “Кыргыз темир жолу” Канат Абдыкеримовдун ордуна Василий Дашков деген лөкүйгөн бир “лөк” адам дайындалган. Ал бул кызматка киришкен биринчи күндөн тартып, ага карата айтылган сындар, анын катыштыгы бар делген коррупциялык иштер боюнча айтылган маалыматтардын аягы ЖМКларда тыйыла элек. Бул адам 2006-жылдан бери аталган ишканада “майлуу” кызматтарда иштеп, укмуш байыган экен. Кыскасы, өзү өтө эле капчыктуу болгону менен баскан жолу балчыктуу экенин бешиктеги балага чейин билишет. Бийликке болсо ар дайым мына ушундай адамдар “аба менен суудай керек” болуп келет. Иши жүрбөй калгыр иттики десе, кырылып калгыр кызыталак десе…
Булак: Багыт