Домой Экономика Өкмөт 11 миллиард сомдон кур калды

Өкмөт 11 миллиард сомдон кур калды

117

Каржы министрлиги 2020-жылдын беш айында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 46 миллиард сомго аткарылганын, бул былтыркы көрсөткүчтөн 11 миллиард сомго аз экенин маалымдады. Чыгаша былтыркы жылга салыштырмалуу 2 млрд сомго көбөйгөнүн маалымдады. “Жыл башынан берки беш ай ичинде бюджеттин дефицити 13,3 млрд сомду түздү. Бул кирешенин азайышына байланыштуу. Беш ай ичинде салыктык жыйымдар 13,2 млрд сомго азайган. Мунун ичинен 5,5 млрд сом салык кызматынан, ал эми бажы тармагынан 7,7 млн сом аз жыйналды. Салык эмес кирешелер жагынан 9 млрд сом, расмий трансферт 1,1 млрд сом чыгаша болду. Бюджет тартыштыгын толтуруу үчүн ички жана тышкы булактардан 23 млрд сом, тышкы донорлордон 18,3 млрд сом алынган. Мунун ичинен 17 млрд. сом Эл аралык валюта фондунан келген каражат. Ушул тапта мамлекеттик казынада 9 млрд .сом калды. 5 млрд сом бюджетте, калганы атайын каражаттар. Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 30,8 млрд. сом түшпөй калары алдын-ала кабарланган. Өкмөт бул кенемтени эл аралык донорлордон алынуучу каражат менен толтурууну көздөп жатат. Кыргыз өкмөтү менен эл аралык финансылык уюмдардын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргызстан сырттан 462 млн. доллар алат.

Булак: Багыт