КРнын Башкы Прокурору Ө.А. Жамшитовго
Урматтуу Өткүрбек Асилбекович!
Мыйзам чыгаруу бийлигинде олтурган кээ бир депутаттар өздөрү мамлекеттик кызыкчылыкка кайчы келген мыйзамсыз жоруктары менен коомчулуктун нааразылыгын жаратышууда. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов өзүнүн видеомаегинде бир жолу эле эмес, ар дайым катарлаш олтурган депутаттар үчүн добуш берип келгенин мактаныч катары айтып жатканы боюнча кылмыш иш козгоп, тергөө иштерин баштоого толук негиз болуп бере турган инцидент экенин сиз да жокко чыгара албайсыз. Демек, мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлгө алган жогорку мамлекеттик органдын башында турган кызмат адамы катары бул ишти өндурүшкө алууңузду өтүнөм.
Кыргыз коомчулугунун атынан, “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы
Кадыр Кошалиев,
Бишкек шаары 20.06.20
Депутат С.Нышановдун жоругу боюнча Башкы Прокуратурага АРЫЗАтайын арыз түшпөсө ишти карашпайт эмеспи. Андыктан,…
Опубликовано Кадыром Кошалиевым Пятница, 19 июня 2020 г.