17-августта «Ыйман Нуру» саясий партиясынын төрагасы Айбек Осмонов депутаттыкка ат салышпай турганы боюнча билдирүү таратты. «Мен өзүм үчүн депутаттык мандатсыз эле элге жана Кыргызстанга пайда келтире алам деген ойго келдим. Менин келечекте өлкөбүздү өнүктүрүү жана ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң пландарым бар»- деп жазылган. Билдирүүдө «Ыйман Нуру» партиясы парламенттик шайлоого катышары айтылат. Буга чейин партиянын саясий кеңеши уюмдун жетекчилиги кысымга кабылганын жарыялаган. 14-август күнү эртең менен партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартып, саясий жарыштан чыгары жөнүндө билдирүү жарыялап, бирок анын себептерин көрсөтпөй, бир аздан кийин ал билдирүү өчүрүлгөн. Андан соң социалдык тармактарда бул партиянын айрым мүчөлөрү жана анын тизмеси менен шайлоого бара турганы белгиленген кээ бир талапкерлер партиянын жетекчилигине катуу басым болуп жатканы тууралуу жазып чыгышты. Бул партияга Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков лидер болду.
Булак: Багыт