Лукашенконун ысмын укканда бүтүндөй Европа «диктатор» деген маанини элестетип сүйлөп турган кези. Бул неме бийиликти жанынан да жакшы көргөн неме экен, мына, жакында эле президентикке алтынчы жолу ат салышып, ошол диктатордугу менен жеӊип турат. Жеӊгенде да 80% дан ашык добуш алып жатпайбы?! Эми бул өтө эле аша чапкандык, элинин пикирине түкүрүп салгандык да! Бул диктатор ар кандай шылтоолор менен президентикке ат салышкан талапкерлердин баарын каттоодон өткөзбөй, камачусун камап, биртобун чет жерге айдан салган…
Бул шайлоого камактагы күйөөсүнүн ордуна Светлана Тихоновская деген айым катышкан да 15% добуш алган. Азыр ал Латвияда баш калкалап жатат. Тихоновскаяны бийлик ой-боюна койбой кармап, борбордук шайлоо комиссиясындагы бир бөлмөгө камап алып, элди көчөгө чыкпашын суранган өтүчүн жарыялаган эле. Ал айым Латвияга качып киргенден кийин аны зордук менен сүйлөткөнүн айтып берген. Мурун эч нерсе менен иши жок айым, эми күйөөсүнүн айынан аргасыздан саясатчы болуп олтурат…Светлананын күйөөсү Сергей Тихоновский азыр камакта жатат, ал кесилип кетиши да мүмкүн…
Азыр Белоруссиянын эли саясий жактан аябай эле «ойгонуп» калыптыр шайлоонун жасалма өткөнүнө каршы болуп миӊдеген адамдар нааразылык демонстрацияга чыгып жатат. Ал демонстрациялар мыйзам чегинде өтүп жатат, дайны жок агрессиялар жок. Медиктерден, мугалимдерден, ал гана турсун полициянын арасынан да каршылык акциясына чыккандар бар. Алар миӊдеген адамдар болуп чыгып жатат. Шайлоо бүткөн алгачкы күнү полиция нааразылыкка чыккан элди аёосуз жазалаган, көздөн жаш агызчу ок менен атып, таяк менен аябай сабашкан! Өздөрүнүн катуу кеткенин моюнга алган полиция эми азга жумшаргандай болуп турат. Лукашенко болсо, күн сайын жетекчилерди чогултуп чогулуш жасап жатканы. Ал өзүнүн алтынчы жолу шайлоого барган айбанчылыгын айткандын ордуна демонстрацияга чыгып жаткандарды кимдир бирөөлөр каржылап башкарып жаткандыгын, демонстрацияда жалаӊ бандиттер жүргөндүгүн, ж.б. актанууларды айтып жатат. Миӊдеген карапайым адамдар демонстранттар экенин айткысы жок, айта албайт! Баса, полицейлер атып салган жигитти бийлик «колунда бомбасы бар болчу, ошол жарылып кеткен» деп, атып салышканын караманча танып жатпайбы. Ошол өлгөн жигиттин аялы күйөөсүнүн сөөгүн моргго барып көрүптүр, колунда эч кандай жаракат жок экендигин айткан. Интернеттен көрсөтүштү деди, анын төшүнө ок тийиптир!
Лукашенко орустар менен аябай жакшы болуп алып, билгизбей аларга жагынып, Путин менен теӊтайлаша жүргөндөй түр көрсөтүп келет. Ал Россиядан арзан күйүүчү май менен газды алып турат. Путин, эмнегедир Лукашенкону жакшы эркелетип келет… Анын мамилеси да жасалма болуш керек деген ой бар…
Лукашенко Белоруссияны 1994-жылдан бери башкарып турат, 16 жыл бою. Эгерде анын кичине эле абийири болгондо кызматынан небак эле кетмек. Кандай болгон күндө да белорус элинин чыдамы кеткен көрүнөт, ага болгон нааразылык эми ачыкка чыгып жатат жана алардын саны да көбөйүп жатат. А балким, жакынкы жылдарда бул диктатордун эл башкарган 26 жылдык президенттиги көчүгүнөн чыгып, кайсы бир өлкөгө качып берер бекен?!
Алаӊгыча биздин мурунку премьер-министр, Бакиевдин жигити Данияр Үсөнов деген зөөкүр Даниил Урицкий деген ат менен Лукашенкону куттуктап жүрөт. Ал Белоруссияга инвестиция алып келип жатыптыр. Интернеттен көргөндөр айтышты. Данияр Үсөнов Даниил Урицкий болуп жүрсө, Лукашенко анын калпын чыгарып «Данияр» деп далысынан таптаган тура…
Белорус эли демонстрацияга чыккан сайын шоруӊ курган Бакиевдерде жан жок да. Эгерде Лукашенконун күнү бүтсө, анда тиги качкын кылмышкерлердин шору кайнабайбы. Лукашенконун ордуна келчү жаӊы бийлик аларды эркелетип турбас!..
Биздин мамлекеттин начардыгын ушундан бил, далай шүмшүктөр элдин ырыскысынан олчойто жеп алып, мамлекетин таштап качып жүргөнү. Ошондой качкын шүмшүктөрдүн бирин да алып келе алышпады. Бул эмне деген мамлекет өзү?! Ошондой жексурлардан санайлы: Аскар Акаев, Майрам Акаева, Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Акмат Бакиев, Марат Бакиев, Максим Бакиев Аскар Шадиев, Сапарбек Балкыбеков, Шераалы Абдылдаев, Кыдыкбек Исаев, Данияр Үсөнов, Алина Шаикова… Бул шүмшүктөр уурдап кеткен жүздөгөн миллион доллар качандыр бир убакта кайтарылар беле?!
Ушул азыр биздин укук коргоочу органдар аябай так жана таза иштеп туруп, 30 жыл ичинде жегендердин баарын кустурса, жанагы карызга баткан коркунучтуу кезибиз жок болбойт беле?! Эгерде бийлик чын ниетинен коррупция менен күрөшсө, анда мамлекетибиз каражатын батыра албай калмак. Азырынча бийлик башындагылар коррупцияга каршы күрөшкөн түр көрсөтүп, ал күрөштү ар кандай жыйындарда айтып жатпайбы, бөтөнчө Коопсуздук кеӊешинде «жакшы» айтылат…
Акыркы маалыматтар боюнча: төрт күн мурун Лукашенкону колдоп 65 миӊ киши митингге чыгыптыр. Байкуш бюджетниктерди айдап чыкты да Ал эми анын отставасын талап кылып чыккандардын эсеби жок, тим эле эсепсиз кылкылдайт экен! Бул деген Лукашенконун күнү бүтөрүнө аз калгандан кабар берет. Ылайым ошондой эле болсун!
Айта кетсек, Американын президенти Трамп Лукашенконун кылыгын жактырбай, «анын кылганы эӊ жаман иш болду» дегенге чейин айтып жатат. Евробиримдиктин жетекчилиги да Лукашенкону катуу сындап жатат… Баса, демонстрацияга чыккандардын арасынан «Россия менен байланышты токтотуш керек» деген үндөр да чыгууда…
Баратбай АРАКЕЕВ
Булак: Багыт