Домой Тагдыр Таалай: “Инимдин  кылган кыянаттыгы жаныма батып кетти!”

Таалай: “Инимдин  кылган кыянаттыгы жаныма батып кетти!”

43

“Чала молдо дин бузат”-деген сөз туура эле айтылса керек. Дегеним, бүгүнкү каарманыбыз диний жактан сабатсыз бир тууганынын  кылган кыянаттыгы  ден соолугуна  залакасын тийгизип жатканы тууралуу буларды айтып берди.

 —Азыркы кездеги айрым молдо сөрөйлөр  элди ыймандуулукка үндөбөй эле, тескерисинче бирөөнүн үй-бүлөсүнүн тынчын калганбы деп көп ойлончу болдум. Силерден эмнесин жашырайын. Өзүмдүн  бир тууган иним ыйман жолунда жүргөн эле айылдагы молдолордун  бири. Молдо болбой курусун… Кээде шаарга жеке иштери менен келип калганда үйүмө келип былжыраган сөздөрдү сүйлөп кыжырыма тийет. Ал аз келгенсип “Чала молдо дин бузат” болуп шариаттан кеп козгой турган болсо дени сак адам да оорукчал болуп калгыдай.  Чындыгында мен бир тууган болгон үчүн анын башты ооруткан маанисиз сөздөрүнө буга чейин чыдап эле жүргөм. Акыркы күндөрү аны көргөндө  кадимкидей  маанайым бузулчу болду. Себеби ал көп учурда бирөөлөрдөн укканын ошол окуяга өзү күбө болгондой айтып берет. А мен аны менен “ андай эмес мындай” деп  талашып-тартышсам чычалап кебетесин бузгандан тышкары кыйкырып сүйлөйт. Уйкубуз келип чарчап турсак  тултуюп телефонун чукулап отура берет. Аны үйүмө жаткырганга менде шарт жок. Муну өзү жакшы билип турса да  атайын менин нервиме тийет. Бир жолу экөөбүз саясат тууралуу сүйлөшүп жатып аз жерден чатакташа  кете жаздадык.

—Сенин бул айткандарыӊ  жөн гана ушак десем, бети-башын былкылдатып:

—Жок, менин айткандарым туура,-деп  дагы сөз талаша баштады.

Айлам жок ичимден каным кайнап турса да, сыртымдан сабыр кылып күлүмсүрөп тим болдум. Эгер экөөбүз кокусунан мушташа кетсек бет тырмарлык кылып  күнөөнүн баарын мага оодарып  “бул аялынын тилине кирип урушту өзү баштады” деп мени ага-туугандарга жаман көрсөтөрүн  билем да. Ошон үчүн көп учурда ага теӊелбей коюуга туура келет. Бирок мунун да чеги болот  эмеспи. Негизи эле бир айрым үй-бүлөлөрдө бир туугандардын арасында көрө албастык, ичи тарлык сыяктуу жаман адаттар кездешет эмеспи. А биздин үй-бүлөдө лидерликти көптөн бери өтө эӊсеп жүргөн  ушул молдоке экенин жакынкы жылдарда байкадым.  Азыр ойлоп көрсөм, ал атабызга болгон ызасын эми менден чыгарып жаткан окшойт. Балким, учурунда ал кишини жаман адаттары менен уят кылып көӊүлүн калтыргандыр… Эмнеси болсо да  молдоке жогорку билимдүү болбой калуусуна эмдигиче мени күнөөлөп жүргөнүн мурда эле сезгем. Жакында бул тууралуу келинчегиме:

—Бул мага илгертеден бери атаандашып жүрөт. Ошон үчүн: “Эгер үйдөгүлөр Таалайды эмес, мени окутушканда…” деп арман кылып жүргөнүн мен деле укчумун. Бирок мен окууга өзүмдүн күчүм менен өткөм,-деп болгон чындыкты айттым.

Ошондо гана келинчегим болгон иштин жайын түшүндү окшойт… Андан кийин тиги тууралуу эч сурабады. “Адамдын жумшагын адам жейт”-деген сөз бекеринен айтылбаптыр да.   Дегеним, ага катуу айтпаганымдан улам ал мага ушундай мамиле жасап жатса керек. “Мунун колунан эмне келмек эле?-дегенсип. Менин бул баяным мүмкүн кээ бир молдокелерге катуу тийерин да билем.  Негизи эле ыйман жолунда жүргөн адамдар бирөөгө жакшылык кылуусу керек да. А менин диний жактан сабатсыз болгону аз келгенсип, акылы жетпеген иштерге колунан келбесе деле аралашып  өзүн өтө “билерман” сезген иним менин ден соолугума залал келтирип жатпайбы. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет”-демекчи, ага таптакыр теӊелбей коюуга да эч мүмкүндүк болбой калды. Анын айынан  башка молдолорго болгон көз карашым түп-тамырынан бери өзгөрө баштады. Ошондо мурунку президенттин: “Азыр көчөдө сакалын сапсайтып, дамбалын самсалаатып жүргөндөр көбөйүп кетти!”-деп ачууланып айткан сөзү эсиме түшүп кетти. Эмесе ыйман жагынан бир айылга үлгү боло турган бул  инимдин жосунсуз жоругу жолдо калсын. Жаман болсо да аман болсун!..

Даярдаган:  Нурболот ИСАМИДИНОВ

Булак: Багыт