Домой Саясат Чоӊ күч, мелжиген мандаты отуз үч…

Чоӊ күч, мелжиген мандаты отуз үч…

103

«Жаӊы дем –Ата-Мекен» деп аталган саясый альянс өз катарына жаштарды көбүрөөк тартууга аракет кылып, жаштарга арналган ар кандай иш-чараларды өткөрүү аракетине көп күч жумшап жатат. Азырынча бул саясый бирикмени кубаттап, чоӊ күч катары көрүп жаткандар да аз эмес. Ошондой эле ортого от таштап, сындап жаткандарды да аз деп айтууга болбойт. Ал эми бул бирикменин азырынча «атасы» өӊдөнүп турган карт саясатчы Текебаев, Сариевдердин амбициясы чоӊ. Алар жаштардын сап башында туруп, бул бийликке оппозиция боло турганын жарыялашты. Ошондой эле алар бул парламенттик шайлоодо чоӊ жеӊишке жетишип, 33 мандатты мээлеп турганын билдиришти. 33 мандатка жетсе го жакшы. Бирок баары эле алар ойлогондой боло бербейт. Бийлик да алар үчүн алдыда «сюрприздерди» камдап жатсак керек. Жалпы эл болсо азыр шайлоо маселеси боюнча азырынча баягы эле сатылма, эски аӊ-сезимден арыла албай турат…

Булак: Багыт