Алпаруучу Назира Айтбекова бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына мындай жазды:
“Илгери бир байке “Чоң үй снимать кылып, массаж жасашалы. Анан мамлекеттик концерттин баары сеники болот деп сунуштаган. Ал ырчылар менен чогуу түшкөн сүрөтүн тиркеп, астына төмөнкүлөрдү жазган: “Эмгек сиңирген артистер менен жанаша түштүм сүрөткө! Балким жугуштуу болуп калабы? Ай, жок дегенде “Маданияттын мыкты кызматкери” деген кагаз берип койсо не? Илгери бир байке “Чоң үй снимать кылып, массаж жасашалы. Анан мамлекеттик концерттин баары сеники болот ” десе, алакандай жерди аяй коём деп концерттин баарынан кур калгам. Анан Мамлекеттикти алып барбасаң, чоңдордун тоюнда болбосоң, сыйлык берилбейт экен бизде. Алакандай жер биздин өлкөдө далай “Масаланы” чечет. Үстүңдө үйүң, астыңда унааң дегендей… Бирок ошол алакандай жерде аялдын болгон намысы, абдыракаты жатат. Аны чачсаң, жип сөккөндөй баары кетет. Кайра ойлонуп кеттим. Антип соодалашып, абийириңди берип анан сыйлык ж.б. албай эле коёюнчу?
Ушул эжелерим өмүрүнүн жарымын чыгармачылыкка арнап, араң жеткен сыйлык дагы далай эмгегим сиңгенде келеттир өзү эле! Таланттуулар көп, бирок баалай элекпиз көбүн”, – деп жазган ал.