Башкы прокуратура Чүй бассейндик суу чарба башкармалыгында суу фондунун жерлери мыйзамсыз ижарага берилип жаткан фактыларды аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери мамлекеттин менчиги болуп саналган Суу фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен пайдаланууга уруксат бериле тургандыгына карабастан, мыйзамга түздөн-түз каршы келген багыттарда пайдалануу максатында алдын-ала сүйлөшүү жолу менен жеке тараптарга узак мөөнөткө системдүү түрдө ижарага берип келишкен.
«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн райондук филиалы мыйзамдын талабын бузуу менен түзүлгөн ижара келишимдерди негиз кылышып, убактылуу пайдалануу тууралуу күбөлүктөрдү беришкен.
Ал эми, Аламүдүн райондук архитектура башкармалыгы Суу фондунун жерлерине негизсиз курулуш курууга уруксат беришип, бүгүнкү күндө белгиленген жерлерде көптөгөн соода жайлары мыйзамсыз курулган.
Жогорудагы фактылар боюнча топтолгон материал 2020-жылдын 19-ноябрында Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, тергөө амалдары башталды.
Ошондой эле, мыйзамсыз түзүлгөн ижарага берүү тууралуу келишимдерди жана убактылуу пайдалануу жөнүндөгү күбөлүктөрдү жокко чыгаруу боюнча сот органдарына 9 доо арыз келтирилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан орун алган мыйзам бузуучулуктарды тез арада четтетип, ага жол берген күнөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо менен бирге Суу фондунун жерлерин алгачкы абалына келтирүү жөнүндө аталган тармака жооптуу болгон тийиштүү мамлекеттик органдардын Жетекчиликтерине прокурордук сунуштар келтирилди.