Домой Дүйнөдө Атактуу футболчу Диего Марадона каза болду -Видео

Атактуу футболчу Диего Марадона каза болду -Видео

99

Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона каза болду. Бул тууралуу аргентиналык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 60 жаштагы спортчунун жүрөгү токтоп калганы кабарланууда.

Ал ушул айдын башында Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан. Диего Марадона Аргентинанын футбол боюнча курама команданын оюнчусу, дүйнөнүн чемпиону болчу. Анын спорттогу чеберчилиги жогору бааланып, дүйнөдөгү эң атактуу футболчу катары атагы чыккан.

Акыркы жылдары Марадона Аргентинанын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенип келген.