Куттуктоолоруңар, жылуу сөздөрүнүздөр үчүн алкыш! Атама былтыр күздө эле баргам. Аны сыртка чыгарыш, ал ойго көнүш үчүн убакыт керектелди. Телефон аркылуу жазышып турабыз. Кечээ бук болуп, көкүрөгүм толуп турду эле. Телефонум шыңгырап калды. Алсам, атам экен. «Түшүмөн кетпей жатасың. Капаска камап койгон жолборстой эле ары — бери басам, же дайының жок. Ооруп атасыңбы, кызым?» деди. Араң турган жаным көзүмөн көз жашым чубуруп кетти. Атама билгизбейин деп демимди кысып туруп калдым. Абалымды сурап, тынчсызданып аткан атамдын болушу ушундай кубанычтуу, аянычтуу, ушундай бөтөнчө келди. Тынчып калганымды баамдап, байланыш үзүлүп калдыбы деди окшойт, — Ало, ало, — дей баштады. Үнүмдү болушунча оңдоп, — Ата, угуп атам, — дедим. Миң аракет кылбайын ыйлаганымды баамдап калды. Анан өңгүрөдүм, өксүп ыйладым. Акыбалымды сураганы үчүн эреркеп ыйладым. Мен кыйналганда жаздыгым кана укчу. Атама даттандым бул сапар. Ичимдеги кыжалатымды айтып — айтып алдым. Түн бир оокумга чейин сырдаштык. Кичинекей кезимди айтып берди. Мага окшош жөн сүйлөбөй, күлдүрүп сүйлөгөн атам бар. Жаңы эле бырылдап атып, тырактап каткырып жыргадым. Улам бир кылыгымды айтып берет. — Чоңойдуң, кызым. Менин дагы айтып берчүлөрүм көп. Көкүрөгүмө толду. Бир күнү неберемди алып кел. Менде кал. Экөөңдөн бөлөк бул дүйнөдө эмне жыргалым бар дейсиң?- деди. — Ата, жакында китебим чыгат. Акча тапсам, типографиядан басып чыгарам. Сага бирди ала барам. Көкүрөгүмдү тааны!- дедим. — Сен менин кызымсың. Көкүрөгүң, ачыктыгың, оңой мн моюн бербестигиң, эркиндигиң меники да! — деди. «АТАМДЫКЫМЫН! АТАМДЫН КЫЗЫМЫН. АТАМДЫН БОЛГОНУ КАНДАЙ СОНУН?! -дедим ичимен. Зар болгон, көзүм каткан 22 жыл ортодо болбогондой! — Ата, сен мага жүрөгүңдөгүнүн баарын айт, ээ? Мен баарын түшүнөм. Менден эч нерсе сактаба! Мен көкүрөгүңдөгүнү китеп кылып жазам!- дедим. Макулдаштык. Өзүңө куюп койгондой окшош неберең мн тааныштырганы сабырсызданып турам. Ал да атадан көзү өтүп турат. Заматта тил табышсаңар керек… #жөнэлеойлор