Фейсбук социалдык баракчасына Бек Нур деген ысым менен катталган колдонуучу төмөнкү билдирүүнү калтырган:
#ПАНИКА_ЭМЕС!!!
Сокулук Новопавловка көрүстөнү.
ЧОҢДОР РЕАЛДУУ КӨЗ КАРАШТА ОЙЛОНГУЛА!!!
Өлкөнүн акыбалы бул болуп жатса октябрда шайлоо деп өз камыңарды ойлоп жатасыңар!!!
Шайланып барып алып бир пайдалуу маселе чечсеңер башка кеп, акыркы чакырылыштын депутаттары шылдың болгондон, казынага чыгым кылгандан башкага жарабадыңар!!!
Шайлоонун камын көрүп ар жерде чогуштарды өткөрөсүңөр!!!
Жакында көрдүк эч кандай коопсуздук жок чогулуп сүрөткө түшкөнүңөрдү!!!
#Шайлоого деген миллиондогон акчаларды бүгүн чыгаргыла, элдин саламаттыгы болсо анан шайлоо болот!
Эмне 4- октябрга чейин бул апааттан толук кутулабыз,элдин жашоосу толук оңолот деген кепилдигиңер барбы?
Бүгүнкү күнгө чейин болуп жаткан апаатка силердин эмес
карапайым элдин жардамы көп болду!!!
#Мен_шайлоо_өтүшүнө_каршымын!!!
Урматтуу кыргыз элим сиздер да зарыл иш болбосо көчөгө чыкпай мыйзамды сактап, ушул апааттан сактаналы.
Сактанганды Кудайым сактайт.
https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=595154658052090&id=100026726825220