Домой Коом Анжелика: Мени 5 партия алдыңкы катарга кошуп чакырышкан баш тарттым

Анжелика: Мени 5 партия алдыңкы катарга кошуп чакырышкан баш тарттым

1791

“Элита Сатирасы” деген группа Фейсбук баракчасынан эстрада ырчысы Анжеликаны сындаган маалыматты чыгарды эле ага ырчы айым өзүнүн жообун дароо жазып чыкты.

Төмөндө сиздерге түшүнүктүү болушу үчүнырчыны сынаган билдирүүнү өзгөртүүсүз беребиз.

«Анжелика депутат болууга татыктуубу?

Эмнеге Анжелика парламентке умтулуп жатат? Анткени ага Жогорку Кеңештин трибунасы, сахнадан жакшы деп кимдир бирөө ынандырып койсо керек. Мейли, депутат болуп калсин дейли, ал кайсы көйгөйлөрдү чече баштайт?

1. Артисттердин укугун коргойт.
2. Той аштын болуп туруусун колдойт.
3. Кыздарга жигиттерди колкаптай кылып алмаштырганды үйрөтөт.(Сойкулукту легалдаштыруу)
4. Бардык мыйзамга макул деп, кнопка баскыч депутатка айланат.
5. Сиздин оюңузча Анжелика дагы кандай мыйзам укуктарын киргизиши мүмкүн?

Бирок бул алтын кыз саясатка аралашпай эле кайрымдуулук иштерин кыла берсе болмок, ошондо элге пайдалуу болмок. 72 ИВЛ аппаратана каражат чогултуп бергени ырас. Бирок, депутат болуу ушу менен эле бүтүп калбайт. Албетте, Раим миллион жана ага окшогон “спонсорлору” турса чогулат да. Анжелика жакшы көргөн Раим акасы менен быйыл “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого бармай болуптур, ошон үчүн жанталашып жүрөт.

Саясий эксперттин оюу боюнча: “Мунуңар Тазабек, Дастан, Гулшаттан да өткөн шерменде болот, жарым жылдан кийин мандатын таштап сахнасына качат. Артисттерди депутат кылбай эле койгулачы, андан көрө мугалим, дарыгерлерди парламентке алып келгиле мына ошолор аксап турган тармактын көйгөйүн чечип берет», -деп жазып чыккандарга Анжелика айым өзүнүн жообун берди.

Кыргызыма кайын күндө кол суна билген мыкты элдик адамдар дайым бар болсун!

https://www.instagram.com/p/CCRPIbrFLLU/?igshid=1mdfrri2z6vc5