Домой Коом Министрликти кайтарган милиционерден коронавирус табылды

Министрликти кайтарган милиционерден коронавирус табылды

46

Анын айтымында, буга чейин министрликке келип-кетип иштеген кызматкерден коронавирус табылгандан кийин калгандары да текшерүүдөн өткөрүлгөн. Милиция кызматкеринен коронавирус ошондо табылган:

«Контакт катары деп министрликте иштеген кызматкерлерди текшергенде постто турган милиция баладан чыкты. Түз контакт эмес, балким, башка жерден жуктуруп алгандыр. Бул убагында текшере калгандын пайдасы».

Үсөнбаев ал милиционердин да контакттары изилденип, оорунун жайылбоосу үчүн чаралар көрүлөрүн айтты.

Коронавируска каршы республикалык штабдын өкүлү бул илдетке чалдыкканы 13-апрелде белгилүү болгон.