Назира Айтбекова өзүнүн «жөн эле ойлор» түрмөгү менен коомдогу болуп жаткан окуяларга өз көз карашын жазып келет. Бул жолу да жан дүйнөсүндө болуп жаткан сезимдери менен бөлүшкөң.
«Бактысыз көрүнүп атам го, сыягы. Боору ооругандар көп мага. Жалгыз бойлуулук — бактысыздык дешет. Бүлө күтүп, бирок бакыт таба албагандар да көп. Өзүн өзү алдап, эптеп чыдап, айла жок жашап атам деп күндө кат жазасыңар го?! Анан ошону бакыт деп мага кантип жалгаштырасыңар? Демек, бакыт бүлөлүү болуудан көз каранды эмес. Бала күтүп, бапырап атса дагы баланын баладай азабы болот. Баардык балдар кайрымдуу чыга бербейт. Болбосо, балдары туруп карылар үйүнө жөнөнгөндөр болбойт эле . Баардык нерсенин кайрымдуусу жакшы. Эрдин санын көбөйтүш бир паста! Ал көйгөй эмес. «Эл деп атат тийип коюш керек эле же алып коюш керек эле бир штук аялдан» дегидей жашоо оюнчук бекен? Мен азыр жалгыздыгыман бакыт табууга далалат кылып атам. Ушул жалгыздыктан бакыт таба албасам эгер бир эмес миң эрге тийсем да таба албайм. Бактылуулук эрде эмес. Бакытты жарата албаган өзүңдө! Иши кылса эле эрге тийсе жыргап кетет экен деген дагы мыйзам жок. Сиңип калган калыпта бакыт жатат деп адашабыз. Бакытты издеп эрге тийип алып таппай убара болгону көп. Өзүндө жокту башкадан издейт адам, бирок табышы күмөн. Бир сүйүү эки адамга жетпейт. Жалындаш үчүн эки тараптан учкун керек. Үй бүлө мыйзамын чече элекмин. Чечейин анан чечим чыгарам. Жакшы көрөм баарыңарды. Бактылуу болгула!♥ Бул менин гана көз карашым»
Булак: Багыт