Домой Саясат Миңдеген малы бар депутаттар Токтогазиевди торуп чалып, токтоткусу келишет-Видео

Миңдеген малы бар депутаттар Токтогазиевди торуп чалып, токтоткусу келишет-Видео

616

Айыл чарба министри эттин кыбатташына байланыштуу сыртка  убактылуу мал сатууга тыюу салгандан бери Жогорку Кеңештин депутаттары Тилек Токтогазиевди торуп чалып, жасап жаткан иштеринен баш тарттырып, такыр эле токтотуп салгылары келип турганы байкалды. Себеби, депутаттардын көбү ооздорунан ак көбүк атканча сүйлөп: «сен кыянаттык кылып жатасың элге, мал кымбат сатылып жаткан, элге пайдалуу болуп жаткан» — деп кекетип, мокотушуп, айрымдары сенсиреп сүйлөп, коомчулуктун катуу сынына кабылышты. Иса Өмүркулов: » көп сүйлөсөң эч нерсеге жетпейсиң» десе, Токмоктун билерманы, «Чемпион» кайманаатындагы Урмат Самаев болсо : «Мамлекет канткенде өнүгөт?» деген суроо узатты. Токтогазиев ага: «Мыйзам так иштегенде өнүгөт. Бул  маселеде  бир тарабында 10-15 миң мал баккан фермердин кызыкчылыгы турса, экинчи тарабында  эттин кыбатташына каршы болгон 6 миллион элибиз турат » — деп  таамай жооп узатты.

https://www.youtube.com/watch?v=PB6-FqMZgRg

 

Чынында Токогазиевге каршы чыгып жаткан депутаттар 6 миллион элдин эмес, 10-15 миң фермердин кызыкчылыгын коргоп жатышканы айдан-ачык. Өздөрүнүн да малы сайга батпагандар болуп эсептелет. Андыктан бул маселеде Токтогазиев эл тарапта болду. Азамат дейли…