Домой Коом Кыргызстандык Мария Коробицкая Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн нормативин...

Кыргызстандык Мария Коробицкая Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн нормативин толтурду.

42

Кыргызстандык Мария Коробицкая Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн нормативин толтурду. Ал бул жыйынтыкка 6-декабрда Ташкент шаарында өткөн эл аралык марафондо жетишкен.

Ал биринчи классикалык дистанциядагы 42 км 195 метр аралыкты 2 саат 26 мүнөт 42 секундда чуркап өтүп, алтын медаль тагынган. Нормативди толтуруу мөөнөтү 2 саат 29 мүнөт 30 секунд болчу.

Коробицкая Кыргызстандан Олимпиада оюндарына лицензия алган алтынчы спортчу болду. Буга чейин лицензияга Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Денис Петрашов жетишкен болчу.