Домой Коом БШК: президенттик шайлоого көз салуу үчүн 43 эл аралык байкоочуну каттады

БШК: президенттик шайлоого көз салуу үчүн 43 эл аралык байкоочуну каттады

44

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого көз сала турган 43 эл аралык байкоочуну каттады. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, каттоодон өткөн эксперттер 7 өлкөнүн жана 6 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү экени айтылды.

Алардын көбү Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү. Андан башка Молдова жана Азербайжандын боршайкомунун байкоочулары да бар.

Алгач өлкө башчылыкка 65 киши аттанган. Алардын ичинен көбү документтерин кайрадан чакыртып алышкан. Учурда 20 талапкер 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүн жана шайлоочулардын кол тармгаларын боршайкомго берген.