«Мен өлгүм келбейт, жардам бергиле». Ганси обсервациясындагы Бишкек шаарынын тургуну Ажар Султанова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. “Түнү мен дем ала албай калдым. 3 күн ичинде «Тез жардам» да, үй-бүлөлүк медицина борборунан врач да келген жок. Агам мени тезинен Гансидеги обсервацияга алып келди, ал жерде 1 эле орун бар экен. Менден кийин келген адамдарды орун жок деп кабыл алышкан жок. Кайсы бир дарыны чоң дозада күрөө кан тамырым жана киндигим аркылуу сайышты, андан ары тахикардиям башталды. Дарыгер чочуп кетип, тамчылатма дарыны чыгара салды. Кийин башка дары беришти. Бул жерде эч кандай шарт жок, жууркан дагы, жаздык дагы жок, өтө суук. Менин жанымда азыр эле бир киши каза болду. Мен өлгүм келбейт”, — деп жазган. Ошондой эле аталган ооруканада эч кандай медициналык жабдыктардын жоктугун айтып, бир гана тамчылатма дары коё турган штатив бар экенин, дарыгерлерге боору ооруп жатканын кошумчалаган. Билдирүүсүнүн акырында “кимдин шаар ичиндеги ооруканада тааныш дарыгери жана бош орун бар болсо, мага кислород аппараты керек, жардам бергиле” деп жазган. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев буга чейин аталган обсервацияга абалы орто оор болгон бейтаптар дарыланарын айткан эле.