Домой Коом Актёр Болотбек Тилек ооруп, кыйналып жаткан бейтаптарды жеке унаасы менен ооруканага жеткиргенге...

Актёр Болотбек Тилек ооруп, кыйналып жаткан бейтаптарды жеке унаасы менен ооруканага жеткиргенге даяр экенин билдирди

238

Актёр Болотбек Тилек өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам жаралып жаткан көйгөйлөргө кайдыгер карабай, жеке унаасы менен ооруп жаткандарды бейтапканаларга жеткирүүнү колго алды. Бул демилгени колдоп, катарга кошулууну каалагандар болуп жатат деген актёр буларга токтолду. «Бизде «Тез жардам» унаалары жетишсиз болуп, бейтаптар ооруканага өз убагында жетпей калган учурлар катталып жатат. Буга байланыштуу жеке унаам менен ооруп жаткан бир туугандарыбызды бейтапканага жеткирүүгө даярмын. Жок дегенде транспорт жагынан жардам берүү колумдан келет. Мен бул демилгем боюнча социалдык тармакка билдирүү калтыргандан кийин, «мен дагы ооруп жаткандарды ооруканага жеткирип, жардам көрсөтөт элем» деген мекендештер кайрыла баштады. Айрымдары унаасынын жок экенин айтып, бирок бейтапты көтөргөнгө же жөлөп-таяп турганга даярдыгын билдиришүүдө», — деди ал.

Эгерде абалыңыз начар болуп, ооруканага баруу зарылдыгы келип чыкса Болотбек Тилекке кайрылсаңыздар болот.

Байланыш номерлери: 0(707) 208-902, 0(500) 208-902, 0(704) 168-291.