«Мен билген жалгыз сулуулук – бул ден соолук” (Генрих Гейне)
Динара Акматова –Гуаша массаж боюнча алгачкы адис
Гуашамассаж:- Арактан, кара дубадан арылтат.- Нервди,бел күчтү,эс тутумду, муундарды калыбына келтирет.- Адамды 10-15 жылга жашартат.
— Менин оң колумдун далысы жабышып калып, бармак басым жери дайыма ачышып ооруп жанды кыйначу эле. Сиздин массаждан кийин айыктым,рахмат. Бул массаждын сыры эмнеде?
— Гуаша деген “кырып” жаман энергияны чыгаруу деген сөз. Байыркы Кытайдын ыкмасы боюнча 400 дөн ашык дартка даба деп айтылат. Айыкпай турган өнөкөт ооруларга жардам берет. Денедеги ашыкча, пайдасыз заттарды тазалоо системасы дененин арткы бөлүгүндөгү “ЦИ” энергиясын өткөрүүчү чоң каналдарда жайгашкан. “ЦИ” организм күч-кубат ала турган жердин энергиясы. Гуаша ошол күч кубат өтүүчү каналдарды тазалоо менен жүрөк кан тамыр, жүлүн, гипертония, атеросклероз, жүрөктүн катуу кагышы,стенокардия, шал оорусунан кийин пайда болгон илдеттер,лихорадка, баш оорулар,ич катуу, моюн,акырек,желке эттеринин чоюлушу, муун оорулары,остеохондроз,гинекологиялык оорулардын бардык түрлөрү,эркектердин бел күчүн басаңдаткан илдеттер,инфаркт, инсульт ооруларынан арылтып, аларды болтурбоо үчүн кам көрүп адамдын иммунитетин көтөрөт. Гуаша укалоосу ооруну аныктоо,диагностика, УЗИ ж.б. медицинадагы салттуу ыкмаларды алмаштырат. Экинчиден, организмдин ишин жөнгө салат,калыбына келтирет. Эң негизгиси дарылоо, же илдеттен арылтуу болуп эсептелет. Бул массажды 10 жолу же максимум 20 жолу алыш керек. Мунун сыры бул укалоодо 10-15 жылга жашаруу процесси жүрөт. Организмдеги ысык менен суукту теңдейт.
Укалоонун башында жана аяктаганда ысыгыраак суу ичиш керек. Сууну адам өз салмагына жараша көбүрөөк ичиш керек. Инфаркт,инсультта суу ичпеш керек деген туура эмес, тескерисинче сууну көп ичсе жаңы, жаш клетка пайда болот. Токсиндер, өлүк клеткалар заара, тер менен чыгып кетет. Адам чарчап-чаалыкканда укалоо алса кадимкидей жеңилдеп, сергийт. Гуаша массажы буйволдун мүйүзүнөн жасалган пластина менен жасалат. Аны менен адамдын денесин гуаша ыкмасы менен кырганда кан активдүү айланып организмдеги токсин, кара дубалар чыгат. Анткени арканы кырганда энергия жүрүп, кан тамырдын жолдору ачылат. Ошондо ар бир клетка булчуңдарына суу жетет. Сууну шар жутуп жибербей, эки-үч ууртап, тынып ичип, кыймыл-аракет кылып, отуруп-туруп ичсе жакшы жеңил сиңет. Суудан дене тазаланат, дарыланат, регуляцияланат (гармонияга келип), дем алуу, тамак сиңирүү жакшырат. Укалоо учурунда кеминде 5 литр кан жакшы айланат, тазаланат. Тынч жата берсе лимфа кыймылдабайт. Гуаша укалоосунда адам арыктайт, иммунитет көтөрүлөт. Укалоону ооруганда эле эмес, профилактика үчүн алдын ала алган жакшы натыйжа берет. Эгер балдар тамак ичпесе, бою өспөсө, организмде зат жакшы алмашпаса дал ушул гуаша укалоосу керек. Муну көп эле ата-энелер биле бербейт. Бул укалоо эс-тутумду дагы жакшыртат.
— Жаш өткөн сайын бетке бырыш көбүрөөк түшөт эмеспи. Буга дагы пайдасы барбы?
— Адамдын бети 40 минута укаланат. Отуз алты ыкма жана кыймыл аракеттен беттин көп бырышы жазылат. Колдон келсе көздүн алдын шишик басып шалбырады деп кестирбеш керек. Деги эле бетке хирургиянын кереги жок. Кытайдын традициялык медицинасы менен батыштын фундаменталдык медицинасынын айырмасы чоң. Гуаша массажы менен эле көздүн үстүн, кашын көтөрсө болот. Мисалы, Индияда бетке укалоо жасалбайт экен. Менин шакиртим Мээрим гуашаны Индияда жандандырууда. Бул жакта айрым шакирттерим, өзгөчө врач Зейнеп бетке абдан жакшы массаж жасайт. Бетке гуаша жасоонун пайдасы абдан чоң. Көпчүлүк кыз-келиндер бетине жакса-жакпаса деле кымбат баалуу түрдүү косметиканы очойто коюп, ошого корстон болуп жүрө беришет. Өздөрүн сулуу сезишет. Ал эми бетке жасалган укалоо чарчоону, чаалыгууну, психологиялык кабатырланууну кетирет, жоготот. Нерв кадимкидей эс алат. Укалоо учурунда магдырап, көшүлүп коңурук тартып уктап кетишет. Анткени, нерв системасында жанга жагымдуу процесстер жүрүп адамды тынчтандырат. Гуашадан көздүн көрүүсү, кулактын угуусун ,мээнин эс плкксун, эс тутумду оңолот. Көңүл чаржайыт болбой бир жерге топтолот. Укалоодон беттин салаңдагыны тартылып, көтөрүлөт. Адам 10-15 жашка жашарат. Кулактан токсиндер чыгат. Беттен терс энергия чыккандыгына байланыштуу беттин өңү агарат, беттеги безетки,угрилер жоголот. Кулакта эле — бел менен далыга, ички органдарга, муундарга, тамак органына, мурундун дем алуусуна, тамак сиңирүүгө, мээнин, жүрөктүн иштешине түздөн-түз тиешеси бар 6 точка бар.
Деги эле гуаша укалоосу өзүнчө чоң илим. Бул Кыргызстанга алгач келген жаңы маданият. Ким өзүн сүйсө, ден соолугу чың, сулуу, демдүү, күүлүү-күчтүү жүрөм десе гуаша укалоосун алсын. Менин телефонум 0 554 033 888. “Ак Эмир” базарынын 2-кабатындамын.
— Кептин баары жанагы буйволдун мүйүзүндөбү? Аны менен кырганда кайсы жери ооруса, ошол жерге сүрөт түшүп калганы кызык экен?
— Мүйүз жөн мүйүз эмес да, анын дарылыгы күчтүү. Мүйүз башта жайгашкандыктан күн нурун туз кабыл алат, эң керектүү, туура энергетиканы өзүнө сиңирет. Мүйүз 18 дары чөпкө чыланып кайнатылат. Эгер адам ооруп температурасы көтөрүлүп турганда буйвол мүйүзүн денесине койсо ысык тапты түшүрөт. Мүйүз менен денени кырганда бирөөгө оору жукпайт. Терс энергия бербейт, анткени дарылык касиети чоң. Кимдин кайсы жери ооруса, дал ошол мүйүздөн айыгат, анткени ал терс энергияны кууп чыгат. Ким өзүнүн жанын багып, өзүн кастарлай билсе, адамга жакшылык кылам деп ниеттенсе гуаша укалоосун үйрөнсүн. Билгенге чыныгы сулуулук – бул чың ден соолук. Доджер Майклдын “4 кадамында” мындай пикир бар: “Эн биринчи адам өзү максатты табышы керек. Экинчи, максаты бар бир адамды таап,ага өзү жардам бериши зарыл. Үчүнчү, жалгыз-жарымды, жесир-жетимдерди багыш керек, жок дегенде бир жумада бир жолугуп кол кабыш кылат. Төртүнчү, жакшылык кылган адамды унутпай уктоо,ар дайым ойлоно жүрүү керек” – деп айтылат. Мен шакирттерим менен кары-картаңдар, майыптар үйүнө, майып балдарга барып, кайрымдуулук иретинде гуаша укалоосун жасап беребиз.
— Гуаша укалоосу кандай ооруларды сакайтат? Кандай ооруларга бул укалоону жасоого болбойт?
— Бардык ооруга эм. Организмдеги лимфаиммундук системага жооп берет. Салыштыра айтканда жумуртканын сырткы кабыгындай аны коргоп турат. Укалоо тамандан башталат. Дарт чалган денеде түрдүү паразиттер жашайт. Укалаганда паразит көздөн, кулактан, ооздон, жыныс органдарынан (ириң, килкилдек, жабышкак ж.б. ) бөлүнүп чыгат. Башкача айтканда паразиттин өлүгү чимкирик, ириң ж.б. Тамак ооруса бронхадан, дем алуу органдарынан паразит какырык болуп чыгат. Лимфа 12 системаны жөнгө салат. Денеге суу бармайын кол менен укалай бериш керек. Гуаша ичкерген кан тамырларды кеңейтет, суук тийүүгө каршы пайдаланылат. Нервге байланыштуу бардык ооруларга (невралгия, истерия, эпилепсия, невроз, психоз) тийгизген шыпаасы күчтүү. Уйкусу качкандар ал дарттан кутулат. Кан айлануу системасы жакшырат. Эркетердин бел күчүн кубаттандырып, калыбына келтирет. Лимфаны төмөндөн жогору карай укалаганда лимфа тер, ириңдерди чыгарат. Суу ичкенде кан аркылуу тазаланат. Гуаша спазманы жоготот, лимфаларды оңдойт, ооруну тып басат, детоксинациялайт, башкача айтканда боордон токсиндерди чыгарып арактан арылтат, шишиги тарайт. Муун-жүүнду калыбына келтирет. Дефериндейт, ретонопеддик касиеттери бар. Мисалы,иммундук укалоодо алкымдагы калкан без 30 грамм йод менен тамактанат. Буттан башка чейин лимфа жооп берет. Тамырдын мотору жүрөк. Эгер уйку без иштебесе, ал лимфага тиешелүү, андан улам эмчек, эркектин жыныс мүчөсү ооруп ракка айланат. Лимфа токтосо шишик пайда болот. Гуаша бул ооруларды алдын алат.
Гуаша укалоосу адамдын ден соолугу чың болушу үчүн жасалгандыктан ар бир адам укалоону кандай учурда албаш керек экенин билгени жакшы. Эгерде денеде ачык жара болсо,адам ысып-күйүп титиреп жатса, трамва алып денеси көгала болсо, аш казан, он эки эли ичеги канаса, жатындан кан кетип жатса, катуу кармаган кольпитке, кан тамыр чыгып тромбос болуп турса, психикалык жактан жабыркаган адамга, жүрөк кан тамыр оорусунан катуу жабыркап турса, катуу кармаган миокардга, перекарт, эндокартка, жүрөк катуу оорулуу болсо, гипертониянын 2- стадиясында, жүрөк кан тамырынын жетишсиздигинде, кан тамырдын кеңейген 2-стадиясында тромбофилит, кан тамырга операция жасалганда, залалдуу зыяндуу шишик пайда болгондо, адам кескин арыктап кетсе, кан агуу күчөгөндө (гомофилия), эмчекке , көзгө гуаша укалоосун жасаганга болбойт.
— Жаш өткөн сайын адам толуп, семире баштайт. Семирүүдөн кутула албай,тамакты тергеп, иргеп ичип, жарым ачкарын жүргөндөр бар. Кубаты жок тамактарды ичүү адамды алсыратып, суугун ашырат деген көйгөйлөр арбын. Экологиялык таза эмес, продуктылардын зыяндуулугу ачыкка чыгууда. “Туура тамактануу” деген азгырыктуу бизнес элди каптады. Кантип арыктайбыз?
— Бардык эле алааматтан эл өзүн коргой албайт. Пайда көздөөчүлүк алдыга чыккан заманда жашоо коркунучтуу, кооптуу. Бул саясатты мамлекет чечет. А мен гуаша укалоосу менен курсактагы ашыкча майды 10 күндө 10 см, 20 күндө 20 см. кетирсе болот деп айта алам. Дем алып, дем чыгарып белгилүү 5 точканы басуу менен сааттын жебесине карай гуаша укалоосу менен укалайт. Буга мануалдык укалоо дагы жакшы жардам берет (бодифлекс). Чаначтай былкылдаган курсакта бир эле май эмес, токсин,шлак,былжыр, суук, жел, көбүк,газ дагы болот. 18 дарыга чыланып кайнатылган дарылык касиети күчтүү буйволдун мүйүзү менен курсакты кырганда канал ачылып, майды эзет, талкалайт. Ошондо курсак ичине тартылат, деги эле май курсакта тынч жатканды жактырган балакет, бирок ал коркок. Ага тынчтык,эркиндик бербей эзгилеп, түрдүү дене көгүгүүлөрүн, гимнатсикаларды жасап гуашада “кордук” көргөзүш керек. Ошондо тез жоголот. Толук адамдардын көбү аны таназар албай, көп кыймылдабай, тамакты ашыкча жеп, көп кыймылдабай жүрө берет. Мончого барганда байкасаңыз көп аялдардын курсагы салаңдап санында жүрөт. Гуаша укалоосунда төрөттөн жарылган ичтер тартылат. Курсакка жасалган укалоо оорутулуп жасалганы менен өтө пайдалуу натыйжа берет. Мисалы, 100 кг. салмактагы аялды 3-40 жолу укалаганда майдын көлөмү жоголот да салмагы 80 кг. абалга келет. Дал ошол учурда сууну 4-5 литрден кем эмес ичүү керек. Ал улам заара менен чыга берет. Дайым эртен менен ачкарын 3-4 стакан суу ичсе бир сааттан кийин бир нече жолу заара чыгарат. Адам өзүн билбейт, ар бир киши 30 кг. кем эмес бок-жинди көтөрүп жүрөт. Кишинин өзүнүн таза өз терисинин салмагы 3-4 кг. эле болот. Суудан ажыраса денеде сөөк 4-5 кг. ашпайт.
— Суунун организмге тийгизген таасирин айта кетсеңиз?
— Суусуз жашоо жок экенин элдин баары эле билет. Организмде көп клеткалар эскирип өлүп турат. Суу жашоонун булагы катары жаңы клеткаларды жаратат. Жаңы клеткалардын көп пайда болуусу-жашаруу. Мээнин 95%, булчуңдун 75%, кандын 83%, сөөктүн 22% суудан турат. Сиздин эки өпкөңүз дем алыш үчүн эле 1.7% литр сууну сарптайт. Биз ичкен муздак сууну боорубуз 40 градуска чейин ысытат, анан ашказан,он эки эли ичегиге, жумурга жөнөтөт. Ошондуктан боорго күч келтирбей ысык суу ичиш керек. Дайыма арак ичкендердин боорун каккыласаң тырсылдаган үй чыгат, анткени жабыркоодон катып калган. Ал адамдын организминдеги регенерацияга жараган жалгыз эле орган боор. Боордун 25% калса дагы кайра өсүп, калыбына келет. Үзгүлтүксүз арак ичкендердин боору жабырланууга дуушар болот. Анткени, боор адамдын денесине 2000 ден ашык биохимиялык реакция жүргүзөт. Ошондуктан гуаша укалоо боордун детоксинациялык милдетин нормалдаштырат, жакшыртат, жөнгө салып оңдойт. Боорду оорутпай жакшы алып жүрүш үчүн эртең менен каша, чөп-чар, боордун өңүнө окшош тамактарды арбын жана үзгүлтүксүз жеш керек. Буга малдын боору, баклажан,кызыл кызылча, растропша деген чөп-чар кирет. Бир чети бул дары. Борбордук нерв системасынын үчтөнбир бөлүгү лецитинден, эркектин спермасы дагы белок – протеинден (лецитин, аминал кислотасы) турат. Боордун тең жарымы лицетинден, мээнин үчтөн бир бөлүгү лицетинден турат. Ал эки заттан турат: иназитол жана холин. Мээден холин ацетинхолин деген гармон трансмедиатор,эндорфин деген затты бөлүп чыгарат. Бул гармон – кубануу, бакыт, сүйүү, күлкү, секс,жыргалды бөлүп чыгарат. Бул – бактылуулук. Бул мээдеги холин түгөнгөндө паркинсон (калтыратма), альцгеймер, акыл-эси тайкылык, урушчаактык, таарынчаактык дартка чалдыгат. Моюндун кежигесинен чачтын түбүнө чейин бир укум жерди гуаша укалоосу жасалганда адамдын психикасы оңолот, эс тутуму кайрылып калыбына келет. Унутчаактык, урушчаактык, таарынчаактык жоголот. Адам өмүрүндө Гуаша укалоосунун мааниси өтө чоң.
— Айрымдар эмнеге сексте “муздак” болушат?
Көп учурда ацетилхолин бөлүнбөй калат. Ацетилхолин жетпеген учурда аялдардын көпчүлүгү оргазм ала албайт. Аялдык парзын аткарып төрөй берген менен ацетилхолинсиз кумардын туу чокусуна жетүү мүмкүн эмес. Мындай супсак жашоодон айрымдар ажырашышат. Ар кандай жагдайда маанайы чөксө, суукка урунса, өзүн жаман сезсе гуаша укалоосу ага миңдин бири. Ал ички органдын баарын гармонияга келтирет.
— Эркектердин простатит оорусуна жардамы кандай?
— Эркектер аденома, простатит дарттарына чалдыкканда майда кан тамырларга кан жетиштүү барбай калат. Гуашанын жардамы менен микроциркуляция, кан айлануусу жанданып, иммундук система көтөрүлөт. Иммундук система жакшы иштесе органдарды ар кандай вирустардан сактайт. Бизге табият өзүн өзү жөнгө салуу жөндөмүн шыпаа кылган. Адам өзү көп арак ичет, нашаа, тамеки чегет, денесине,бутуна жука, синтетика, жеңил кийишет. Жакшы тамактанышпайт. Ошондой түрдүү кесепеттерден кан айлануусу начарлап, микроциркуляция жүрбөй калат. Ушундан улам ар кандай илдеттер жабышат. Эркектердин көбү уругун ар кай жерге чачып, баш-аламан секске барат. Гигиенага көңүл бурбайт, бул жыныстык алсызданууга жана жабыркоого алып келет. Мындай ооруларга гуаша укалоосу жумасына 2 жолу, профилактика үчүн айына бир жолу жасалат. Гуаша укалоосу – бул салттуу медикаментоздук дары-дармек менен дарылоону алмаштыра турган, организмди уулуу заттардан, туздардан тазалай турган, экологиялык жактан таза, организмге эч зыяны жок дарылоо ыкмасы. Ар ким өз ден соолугун карап, аяй билиши зарыл.
— Динара айым, пайдалуу, керектүү иш жасап жатыптырсыз. Ишиңизге ийгилик каалайм! Маегиңизге рахмат!
Маектешкен: КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кален Сыдыкова