Бишкектеги Султан Ибраимов көчөсүндөгү “Нават” чайканасында тутанган өрт өчүрүлдү. Тилсиз жоону өчүрүүгө эки өрт өчүргүч машине тартылды. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби жана чыгымдар аныкталууда.
“Нават” — белгилүү чайканалар түйүнү. Бишкекте мындай аталышта бир нече тамактануу жайы ачылган.
Булак: Азаттык