Домой Тагдыр Сатина: Ажырашкан күйөөм мага бензин чачты…

Сатина: Ажырашкан күйөөм мага бензин чачты…

294

Каракол шаарында күйөөсү өрт койгон Сатина аттуу келин учурда ооруканада жатат.

Ага бензин чачып өрт койду деп шек саналган жарандык никедеги күйөөсү эки айга камакка алынды.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда Каракол шаарында жыл сайын“үй-бүлөлүк зомбулукка кабылдым” деп 150дөн ашуун аял кайрылат.

Денеси бензиндин жалынына күйгөн Сатина ооруканага 4-январда жеткирилген. 33 жаштагы келиндин абалы азырынча орто.

– Бети, колу, оң саны күйүп келген. Манжалары катуу күйүп, териси шыпырылып калган. Азыркы тапта акыбалы орто. Эми убакыт көрсөтөт, манжаларынын айыгышын күтөбүз, – деди Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын дарыгери Жолдошбек Мусанов.

Сатина 19 жашында таластык жигитке турмушка чыккан экен. Биринчи күйөөсү да ичип, кол көтөргөнү үчүн ажырашып кеткенин айтып отурду:

– Биринчи күйөөм менен биржада иштеп жүргөндө таанышкам. Сүйлөшүп жүрүп эле күйөөгө тийгем. Эки бала төрөп, экөө тең чарчап калган. Анда Таласта жашачубуз. Үчүнчү кызымды араң төрөдүм. Төрөт үйүнөн чыгып келгенден кийин көп өтпөй күйөөм катуу сабады. Телефондон агам менен сүйлөшкөм, ошого жинденип “бирдикти короттуң” деген шылтоо тапты. Андан кийин кызымды көтөрүп качып кеткем, айылга ата-энемдикине келгем.

Сатина зомбулук айлампасынан кутулганы менен кайра эле ошол торго чалынганын сезген эмес. Экинчи жолу Нурбек аттуу жаран менен 2017-жылы таанышып, жарандык никеде жашаган. Бирок ичкилик менен кызганычтын айынан үйдө чыр-чатак ырбайт. Нурбек ал ортодо кызыл камчылыгы үчүн бир жыл камалып да чыккан. Темир тор ага сабак болбой, Сатинага кекенип, тиш кайрап жүргөн экен.

– “Сен тиги менен жүрөсүң, муну менен жүрөсүң” деп уруш чыгарат. Базарда отурсам бычак көтөрүп келиптир. Анда да маршруткадан маршруткага түшүп атып, элдин жардамы менен аман калгам. Ошол жерде тургандар милиция чакырып, бир жылга камалып кеткен. Түрмөдөн чыккандан кийин ичпей жүрдү. Кайра жашадым, күйөөнүн санын көбөйткөн деле туура эмес да. Анан “ажырашам” деп талак берип, эки ажырым жолго түшкөнбүз. 2-3-январда дагы “өлтүрөм” деп келди, мени курбу кызым жигити менен базардан дагы качырып жиберишти. Ошондо курбу кызымдын жигитине “эртең бензин чачып, өрттөйм” деп айткан экен. “Мени жумушка чыкпа” дешкен, бирок болбой эле ишке баргам.

Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 1984-жылы туулган Нурбек аттуу жаран окуяга байланыштуу кылмышка шектүү катары эки айга камакка алынды.

Ал буга чейин жалданма жумуштарды аркалаган. Жабырлануучу болсо базарда телефонго бирдик жүктөп иштеп келген.

Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам берген “Химая” реабилитациялоо борбору бар. Анда иштеген адис Мария Личанюнун айтымында, борборго жыл сайын күйөөсүнөн запкы көргөн 150дөн ашык аял кайрылат. Ал бул көрсөткүч мындан үч-төрт эсе көп болушу мүмкүн экенин белгиледи.

– Жашы жете элек эки-үчтөн баласы бар аялдарды күйөөсү сабап, үйдөн түн ортосунда кууп чыгат. Биз бул аялдарга убактылуу баш калкалоочу жай берип, юристтер менен кезиктирип, жумушка орношууга акысыз жардам көрсөтөбүз. Тилекке каршы көпчүлүк аялдар, өзгөчө айыл жериндегилер үй-бүлөлүк зомбулукка көз жуумп, зөөкүр күйөөсүнө чыдап жашай беришет. Алар өз укугун коргогондон коркушат.

Мария Личаню мындай көрүнүштөрдү азайтуу үчүн мыйзамга эле таянып отура бербей, аялдарды жана балдарды коргоого багытталган иш-чараларды тынбай жүргүзүү керек деп эсептейт.

– Албетте бизде адам укугун коргогон жакшы мыйзамдар бар. Бирок ага ишенип эле отура берген болбойт. Мамлекет жалпы коомчулуктун арасында, жогорку окуу жайларында, мектепте үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери, анын терс жактары тууралуу маалымат берген чоң кампания жүргүзүшү керек. Өзүңүздөр көрүп тургандай, бир эле Каракол эмес, Кыргызстан боюнча аялдардын укугу тепселенип жатат, аларды өлтүрүү көндүм адатка айланып баратат.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 2019-жылы аймакта үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап, милицияга кайрылган 402 аялдын ичинен 186сы физикалык жактан, 220сы психологиялык жактан жабыркаган. Дагы эки аял сексуалдык кордукка кабылган. 2019-жылы 402 аялга коргоо ордери берилген. Жоруктар жөнүндө кодекстин негизинде 393 арыз сотко чейинки өндүрүштө каралган.

Булак: Азаттык