19 жашымда иштейм деп ээлигип Орусияга кетип калдым. Суткасына 4-5 сааттан гана уктап, жаным тынбай иштедим. Акча анча деле зарыл эмес эле. Бирок, эмнеге мынчалык жанымды кыйнап күнү-түнү иштегем, билбейм. Ата-энем жакшы эле жашоодо жашашчу. Алар ата-энелик жүрѳк менен сезишсе керек, «кызым, уйкудан калып жатасың. Уктабай жатып ден соолугуңду бузуп аласың. Антпе…» деп дагы далай акыл кептерин айтышчу. Ага да болбой, «эс алып жатам» деп калп айтып коюп акча табууга тырыштым. Биринчи жолу иштегендик кылган окшойм, азыр ойлосом.
Анан турмушка чыгуум керектигин айта башташты. Эжем аркылуу бир жигит менен таанышып, сүйлѳшүп жүрдүм. Ал мага анчалык жакпаса да «турмушка чыгышың керек» дегендерине ынанып эле сүйлѳшѳ бериптирмин аны менен деле. Ошентип, Кыргызстанга барарым менен сѳйкѳ салып, кѳп ѳтпѳй үйлѳнѳ турган болдук. Чакан той кылып, баш кошуп жашап калдык.
Никеден кийин баягы жактырбай сүйлѳшкѳн күйѳѳмдү жакшы кѳрүп, жакшы жашоого аракет кылып баштадым. Бирок кайын журтума анча жакпай калдым. Айрыкча, кайнежеме. Кийин болот деп айтылган тоюбуз болгон жок. Каражат жетпейт дешкенин туура кабыл алып, аны деле маселеге айланткан жокмун. Уулдуу болуп, бактылуу эле күндѳрдү ѳткѳрүп жатканбыз. Бирок, баягы кайнежем ортобузга от жагып жүрүп акыры мени кетирип тынды.
Күйѳѳм мени таштап коюп Орусияга иштеп кетип, ал жактан жаш кыз менен таанышыптыр. Кѳп ѳтпѳй ага баш кошконун досторубуздан уктум. Экѳѳбүз чогуу-чаран эле катышып, катташып жүргѳн досторубуз мага байланышка чыгып күйѳѳмдүн аял алып жатканын айтып таң калышты. Ачуум келди, ыйладым, ызаландым. Бирок аргасыз кала бердим. Жашоомдо мындай бурулуш болот деп такыр ойлобогон элем.
Эми кебимдин соңунда ар бир кызга кайрылмакчымын. Мейли, Москвадабы же Кыргызстандабы, силерди жулкулдатып, оюңарга койбой ала качып кетип жатпаган соң тие турган күйѳѳңѳрдү жакшылап таанып алгылачы. Жигит болуп жаныңарда жүргѳн неменин аялы бар бекен же жок бекен, тактап туруп анан кийинки кадамга баргылачы. Меники сыяктуу ансыз да араң турган үй-бүлѳлѳрдү менин күйѳѳмѳ тийип алган шашма кыз сыяктуу кыздар заматта бузуп салып жатышат. Үй-бүлѳлүү эркектерден айланып ѳтүп, абийир, намысыңарды сактагылачы. Ѳзүңѳрдү сыйлагыла, кыздар. Жашоо бумеранг!
Булак : Леди КЖ.