Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына 16-декабрда сурак берип чыкты.
Ички иштер министрлиги ал Кой-Таш окуялары боюнча күбө катары сурак берип, коё берилгенин маалымдады. Анын алдында Атамбаевге таандык «Апрель» телеканалы Жолдубаева камакка алынышы ыктымалдыгын маалымдаган болчу.
Ушул жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиттети (УКМК) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир аскер курман болуп, жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкерлери, 94ү жөнөкөй жарандар.
Кой-Таштагы окуялар боюнча 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын бир катар тарапкерлери камакка алынган. Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодурановага иш козголуп, алар үй камагында.
Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн күбө катары суракка чакырылып, 14-декабрда эки айга камалган.
Булак: Азаттык