Акын Лариса Асанбекованын уулу Азат Болотбек үйлөндү. Ал катардагы тойлордон чарчаганын өз тоюн үнөмдүү жана пайдалуу өткөргөнүн билдирди.
«Мен үйлөндүм. Мен Кыргыз өлкөсүндө үйлөнгөн жокмун. Себеби бизде көпчүлүк тойлор жаштар үчүн эмес, алар таанып-тааныбаган коноктор үчүн өтөт. Айрымдар той өткөн күнүн коркунучтуу түштөй эстешет. Шаблонго түшүп калган тойлор баарын тажатты. Шаблондуу кортеж, мас же түшүнүксүз конок, шаблондуу видеолор, улуттук кийимчен эки жашты «Жар-жар» ыры менен алып кирген айым, суз, узун каалоо-тилектерди түшүнүп, угуп жаткандай болгон эки жаш, тамада, ресторанда ары-бери чуркаган жаш балдар, сынактар, торт, анан да сөзсүз түрдө «пакет операциясы». Коноктор курсагы ток үйүнө барышат. Ал эми туугандар конвертти ачып, ресторандын эсебин жабабы деген үмүттө болушат. Мен мындай нерсени каалаган жокмун. Эң жагымдуусу, жубайым да мындай нерсени каалаган жок. Биз оюбузду ата-энелерибизге айттык, алар бизди колдошту. Апам «шаблондуу тойду каалабасаңар, анда круиздик кемеде өткөрөлү тойду» деди. Албетте, биз кыргызга тиешелүү ырым-жырымдарды кылдык. Кемеге биз менен апаларыбыз, энебиз жана өкүл ата, өкүл энебиз келишти. Достор, чыгаша, нерв жерде калсын! Өзүңөр үчүн үйлөнгүлө! «Эл эмне дейт?» деген түшүнүк менен жашабагыла!», — деген билдирүү калтырган.