Домой Коом Коронавирус илдети дагы 7 жарандын өмүрүн алды. Эң улуусу 76, эң кичүүсү...

Коронавирус илдети дагы 7 жарандын өмүрүн алды. Эң улуусу 76, эң кичүүсү 27 жашта болгон

158

Бүгүн, 30-июнда өлкөдө коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан бейтаптардын ичинен жетөө кайтыш болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда айтты. 1. Республикалык клиникалык ооруканадан – 2 (55 жаштагы жана 76 жаштагы эркек киши); 2. Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 (70 жаштагы жана 49 жаштагы аял киши); 3. №2 Клиникалык төрөт үйүнөн – 1 (27 жаштагы аял киши); 4. Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши); 5. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши). Өлкө боюнча коронавирус илдетинен каза болгондордун саны 57ни түздү.