Домой Саясат Бороновдун жолу катуу беле?

Бороновдун жолу катуу беле?

454

29-июнга карата коронавируска чалдыккандар 269, пневмония 73 адамдан чыкканын саламаттык сактоо кызматкерлери кабарлашты. Кырдаалды көзөмөлгө алуу колдон чыкканы ушулбу? Байма-бай мигранттардын келиши, аларды дыкат текшерүү, обсервацияга жаткызуу да ойдогудай болбой, сын пикирге алынууда. “Тез жардам” кызматы жарандарды тейлөөгө жетишпей калды. Кыскасы, өкмөт башчы Кубатбек Боронов вируска туруштук бере албасы ачык байкалды. Бул эргулдун түшүнүгү таңгалычтуу – демалыш күндөрү транспортту токтотуп койсо эле коронавирус менен күрөшкөн болуп калабы? Башка күндөрү автобустарда, маршруткаларда эл тыгылышып, илдет жайыла берсинби? Мына логика! Сыягы, Боронов келгени кырдаал курчуп, карапайым калк ар тараптан чыңалууга баратат. Саясый-социалдык, экономикалык маселелер чөгүп баратканы көнүмүшкө айланды. Акыры элдин толкундоолорун токтотуу кыйынга туруп калбайбы? Айтор, Бороновдун боору, жолу катуу беле?

Булак: Aryba.kg