Домой Саясат Вирустан милициялар өлө баштады, Жунушалиев кайда жүрөт?

Вирустан милициялар өлө баштады, Жунушалиев кайда жүрөт?

746

Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин милиция кызматкери, 37 жаштагы Бердибай Элакунов аз күн мурда коронавируска чалдыгып, кыйналып жаткан видеосу тараган. Көп өтпөй каза болуп калды.

Биринчи Май РИИБнин кызматкери Эркин Жаанбаев да коронавирустан каза болгону айтылууда, чынбы? Бул боюнча так маалымат чыкпай атканы кандай? Көпчүлүктү кооптондурбай ыкчам жоопторду берип туруу зарыл.

Ушу тапта ИИМ системасында кооптонуу, паника болуп атабы? Эмне үчүн Кашкар Жунушалиев үн катпайт? Өздүк курамга дух берип, аларды вирустан сактоонун камын көрбөйбү? Кыскасы, милиция кызматкерлери да министрдин кайдыгерлигин, ишке чоркок экенин түшүнүп бүтүштүбү?..

Булак: Aryba.kg