Арийне, парламент деген өлкөдөгү абдан үлкөн институт. Эгерде депутаттардын башында турган төраганын дипломатиялык жөндөмү болсо, маселени калыс чечүүгө ниетин бурса, бирин ак, экинчисин кара деп бөлбөсө, биринчи адамдын жетегинде эле жүрө бербесе анда иштин аныгы ачык байкалмак. Бирок, учурда алтынчы чакырылышта капыстан спикер болуп келип калган Дастан Жумабековду тепкилебеген жан калбады. Баары эле сөөмөйүн көрсөтүп мылжыңдап калышат десең… Чынында эле Исхак Масалиев айткандай мынчалык деңгээли ылдый түшкөн спикерди көргөн эмеспиз. Бул кашкайган адилеттик сөз.
Негизи Курманбек Бакиевдин убагында деле “хохмалар” көп болгон. “Таш курсак” наамга татыктуу болгон Айтибай Тагаевдин илип алар жакшы сапаттарын ошондогу эч бир депутат көрсөтө албайт. Дүңкүйүп басканы менен ырыстуу нерсеси жок болчу. Дагы бир төрага болгон Зайнидин Курманов болсо тилин чайнап сүйлөп, кыргызча түш жоорумак түгүл макал-лакап дегенди өмүрү колдонгон эместиги даана байкалчу. Ал тургай экинчи ыңкылап болгондо чет жактан кел десе болбой коркуп жата бергендиктен анын айынан бирөө “ак кийизге” салынып хан көтөрүлбөй калганы боюнча кызыктуу уламыш бар. Ошондон кийин Зайнидинди Бакиевчилер көргүсү келбейт. Пландуу ишти бүлгүнгө учураткан кишини ким жактырмак эле. Ток этерин айтканда мурдагы бийликтин деле спикерлери кошоматчы, суу жүрөк, өзүмчүл экенин белгилеп коелу дедик. Так что, Дастан Артисбековичтин чечкинсиздиги жетинчи кабаттагы лөк кишиге барып такалат. Ал тур десе турат, минтип кой десе ойлонбой туруп ишааратты аткарат. Анан кайдагы акыйкаттыкты кыйраткансып кеп кылабыз, ыя!
Булак: “Ачык сөз” гезити