-Камчыбек Кадыршаевич, “Ата Журт” партиясы парламенттик шайлоого өз алдынча барабы, же башка альянстарга биригиши мүмкүнбү?
-Өзүңүздөр жакшы билесиздер, көптөгөн партиялар, саясатчылар шайлоого биригишип, акылдашып, макулдашып анан барышат. Саясатта орду бар, элдин арасында жүрү, элдин кулк-мүнөзүн, маанайын жакшы билген адам катары бул жолу өзүнчө барабыз деген чечим кабыл алып атабыз. Бирок бир нерсе бар, аны ачык айтайын. “Ата Журт” партиясы менен чогуу барууну каалаган депутаттар да, саясатчылар да абдан көп. Анткен менен биз аты чыгып калган, таанымал саясатчыларды кошолу деген ниетте эмеспиз. Алардан көрө элге кызмат кылам деген ниети таза жөнөкөй инсандарды алып барууну максат кылдык. Дагы бир маселе – Садыр Жапаровдун “Мекенчил” партиясын өзүм жетектеп барып, Садыр Жапаров дегендердин башын бириктирип, колдоо көрсөтүп, досума жөлөк болушум да мүмкүн.
-Ахматбек Келдибеков экөөңүздөрдүн ортоңуздарды кара мышык аралаган деген да кептер жүрүүдө. Анын канчалык чындыгы бар?
-Ахматбек экөөбүз 35 жылдан бери доспуз. Саясатка келе калып эле капысынан тааныша калгандардан эмеспиз, бир мектеп-интернатта билим алганбыз. Андыктан мамилебиз абдан жакшы. Экөөбүздө тең кемчилик да, артыкчылык да бар. Мен аны эч убакта тебелеп өтүп кете албайм, ал дагы ошондой. Системалуу өзгөрүүлөр болуп калса акылдашып чечебиз. Мүмкүн шайлоого Ахматбек менен чогуу барабыз. Кандай болгон учурда да адамдык мамилебиз өзгөрбөйт.
-“Ата Журт” партиясын Келдибековсуз баштап барсаңыз парламентке өткөрө алат белеңиз?
-Партияны жеке алып барууга жана парламентке өткөрүүгө саясий мүмкүнчүлүгүм жетишет. Эли-журтум, колдоочуларыбыз бар.
-Мамлекеттик кызматка сунуш түшсө элге иштегенге даярмын дедиңиз эле. Кызматка чакыруу болбодубу, же шайлоо үчүн баш тарттыңызбы?
-Түздөн түз кызмат сунушталган жок. Мамлекетибиздеги кайсы кызмат болсо да чоң- кичине, алыс – жакынынын мааниси жок. Кайсы кызматта болсо деле адам ички дүйнөсү менен кайра турган болсо, кылган ишимди элге арнаймын деген ак ниети болсо, иштеп кетет. Адамдын көркүнө кызмат орду чыгарбайт, кызмат ордун адам көркүнө чыгарат. Мисалы айтайын, эгер мени Нарын облусунун Ак-Талаа районуна аким кылып коюшса, эки жылда районду алдыга жылдырып кетмекмин. Же ошол эле Чаткалга аким кылышса, алтын компанияларды иретке келтирип, мыйзам чегинде ар бир компанияга райондун өнүгүшүнө салым коштуруп, эң алдыңкы районго айлантмакмын.
-Намыс кылбай эле өзүңүз сурасаңыз болбойт беле?
-Мен кызмат сурап бара турган акыбалда эмесмин. Кызматсыз деле оокатым өтүп, элге жардамымды кызматсыз эле берип келатам. Менин негизги тилегим – эртең өтүп кетсек артыбызда ак жашады, так жашады, элге кызмат кылды деген сөз калса дейм. Бул жеген, уурдаган, коррупционер, мамлекетке зыян келтирген деген сөзгө калбасам экен. Баарыбыз балдарыбыз үчүн жашайбыз да, мен да балдарым үчүн жашайм, аларды эртең баланчанын баласы деп эч ким жектебеши керек.
Булак: Майдан