Домой Саясат Каныбек Иманалиевдин кайдыгерлиги же Акаев неге “ көлгө чөгөм” – деди…..

Каныбек Иманалиевдин кайдыгерлиги же Акаев неге “ көлгө чөгөм” – деди…..

272

kamagra for sale. post-130096-1425275441

 

Бул өмүрдө ачкөздүк эч убакта жакшылыкка алып барбайт экенин турмуш кайра – кайра кашкайта далилдеп берип жатса дагы, айрым адамдар өткөндөн сабак албай кайра эле ач көздүккө бет алып жатканы абдан өкүнүчтүү. Ошол сыяктуу чындап келгенде алгачкы президент Аскар Акаев деле Майрам апчебиздин, уул кыздарынын көзү тойбогон сугалактыгынан улам тагдыры оор болуп жакындарына топурак сала албай, “Ала-Тоонун” караанын сагынып санаага батып жүрөт. Кечээ эле канкор Жаныш Бакиевдин 60 жылдыгын Минскиде белгилеген Бакиевдер деле жыргап кетпесе керек. Андыктан азыркы президентибиздин иниси Асылбек Жээнбековдун да “агасынын ишине кийлигишип жатат”- деген кептер чыккан сайын , өткөндөн сабак албаганыбызга көңүл иренжийт. Айтайын дегеним кечээ борбор калаадагы Манас кино театрында “ Кош келиңиз президент мырза!” аталышындагы кино фильмдин бет ачары болду. Фильмдин маани мазмунунда, туңгуч президент Аскар Акаев Кыргызстанга качандыр бир кайтып келген образ таасын сүрөттөлгөн экен. Көргөн адамдын дене боюн титиретип мекенинен алыс дербиш болуп жүргөн адамдын ( мейли ал президент болсун) тагдыры таасын чагылдырылган . Кыскасын айтканда мындай ит кордукка адам баласы гана чыдаса керек….

Ар бир сюжети адамды терең ойго салган философиялык мааниси зор фильм болуптур . Жүрөгүм кысылып, кан басымым көтөрүлүп кинонун аягына чейин араң чыдадым. Ошол эле мезгилде астынкы орундукта отурган, бир убакта, “Акаевди ата, Майрамды апа”- деп шыйпаңдап жүрүп чоңойгон Каныбек Иманалиев деген эргул “ кабагым кашым “ дебей маанайы көтөрүңкү отурганы мени адам катары таң калтырды. Жаңылбасам бул Аскар Акаевдин өкүл баласы да болуп жүргөн. Анан эми ийне менен жүрөктү сайгылагандай кылып, Акаевди кордоп тарткан фильмди аягына чейин көргөн Каныбектин адам сыягы деле жок экенине күбө болдум . Болбосо, жок дегенде тура калып эшикке чыгып кетсе эрдик кылган болмок эле. Демек Аскар Акаевдин тагдыры Каныбектин “ кабыргасын бит чакканчалык” да ойлондурбайт экен. Болбосо, тойдо отургансып олтурбайт эле да.Мамлекеттин мүлкүн калагандай кемирген Нариман Түлеев менен Акаевдин “ ормон опузасы” атка конгон Османакун Ибраимовдордун да образы, азыркы кээ бир минстрлер дагы таасын чагылдырылган экен. Чындап келгенде булардын да Акаевдин качышына “ салымы зор” . Баарынан да Акаевдин акыры барып өз жанына кыянаттык кылып көлгө чөгүп өлөм дегенде, ыйык көл да андан жийиркенип “ кабыл албай” койгону жүрөктү сыздатты. Жараткандын жазасы катуу экенин, эл тамыры менен жер тамыры бир экенин айткысы келген экен, кино жаратуучулар. Жыйынтыктап айтканда баарыбызга сабак боло турган фильм болуптур. А мен болсо Каныбек Иманалиевдин адам кейпин кийген «айбан» экенин тастыктап, эмнегедир “ Адам кейпиндеги айбан” деген фильм тарткым келип кетти. Айла жок, колдон келер иш эмес…  Мирлан Эстебесов Бишкек шаары