Домой Криминал Акыркы ишеним президентте калды

Акыркы ишеним президентте калды

393

NazarNews_2fe7b1a738845fb78226b8cf6e12491d

Жакында коопсуздук кеӊешиндеги отурумда президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен аёосуз күрөшө турганын, акыркы убакта укук коргоо органдары өздөрү коррупцияга аралашып жатканын белгилеген. Президенттин сөзүнө далил, милициянын жогорку кызматтагы өкүлдөрү алдамчылык менен алектенип, ишкерлерди тоноп жаткан далилдерди келтирели.

Мурда, Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү болуп иштеген полковник Асанов Ибрагим Кубатович Назар аттуу кайниси аркылуу ишкер Н.Ашимов менен таанышкан. Н.Ашимов чет өлкөдөн машина ташып келип сатып иштечү. Тааныш болуп калгандан кийин Ашимовдун кымбат баалуу “Хаммер-3” үлгүсүндөгү унаасын сатып берем деп алат. Бирок, сата албай кайтарып берген. Ошондон тарта Ашимов менен жакын мамиле түзүп, ишенимге кирүүгө аракет кылат. Бир топ убакыт өткөндөн кийин ишенимге кирип, Н.Ашимовдун унааларын сатып берем деп ар кимди ээрчитип келип, алдамчылык жолу менен бир канча кымбат баалуу унааларын карызга алып, кайтарып беришкен эмес. 2014-жылдын, май күнү Полковник Ибрагим Асанов Дамира атту аялды эрчитип келип, Ашимовго таандык 2012-жылы чыгарылган ак түстөгү “Хонда СРВ” унаасын сатып алмак болот. Ибрагим Асанов Дамира аттуу аял менен чогуу бизнес кылабыз деп айтат. Ишенимге кирип алган Ибрагим Асанов машинени 31 000 долларга баалап, акчаны 2 жарым айда кайтарып беришмек болуп, “доверенность” жаздырып алышкан. “Биз эч кимди алдаган эмеспиз, чоӊ бизнесте жүргөн кишилербиз”,-деп ишендирип, машина алганы тууралуу тил кат дагы жазып беришкен эмес.

2014-жылдын 15-майында Ашимовго Ибрагим Асанов телефон чалып, сатыла турган машинелер барбы, өзүмө алайын деп айтат. Ашимов баасы 70 миӊ доллар “Лексус-570” үлгүсүндө машине сатыла турганын айтат. Асанов баасын түшүрүп бер, мен 2 айга рассрочкага алам деп 63 000 долларга баалап, аны Асанов өзүнүн Акбар Козубаев деген таанышына доверенность жаздырып алат. Оӊой алданган Ашимовдун ишенимине кирип алган полковник Ибрагим Асанов 31-май күнү кайра телефон чалып, сатыкка коюлган кандай машинелер бар экенин сурайт. Ал кезде Ашимовдо баасы 27 500 долларлык атасы У.Ашимовго катталган “Лексус-LX 470”, 2007-жылкы баасы 18 000 доллар “Хонда-СРВ” жана ушундай эле 2007-жылкы баасы 18 000 доллар “Хонда СРВ” үлгүсүндөгү унаалары болгон. Аларды дагы сатып берем деп сураган. Ибрагим Асанов буларды жана мурдагы алган унаалардын акчасын толугу менен 2 жарым айдан кийин берем деп убада кылат. Ошону менен ушул убакка чейин Ибрагим Асанов Ашимовдун акчасын кайтарып берген эмес.

Бул боюнча кийин Ашимов арыз менен кайрылып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш иштин негизинде Асановдон башка чогуу алдамчылык менен алектенген адам камакка алынып, Ибрагим Асанов Жогорку Кеӊештеги депутат тааныштары, укук коргоо органындагы иштеген досторунун жардамы менен үй камагына чыгып кеткен. Бүгүнкү күндө Ибрагим Асановду мыйзам чегинде жоопко тартууга Жогорку Кеӊештеги тааныштары тоскоолдук кылып, адилеттүү укуктук баа берүүгө мүмкүндүк бербей жатат.

Президент, Сооронбай Жээнбеков укугу тепселген жардандардын сот ишине өзүм кийлигишем деп айткан. Акыркы ишеним президентте калды. Элдин укугун коргойт деген милиция кызматкери ишкерлерди сыздатып жатса, анда эл кимге ишенет? Мындай алдамчылык, милиция аралашкан кылмыштар көп кездешип жатат. Укук коргоо органдары мындан кийин кылмышка аралашпоосу үчүн бул окуяга калыс баа берилип, президент Сооронбай Жээнбеков өзү көзөмөлгө алышы керек. А болбосо Асановдун Жогорку Кеӊештеги достору, милиция коллегалары камактан аман алып калганы жатышат. Жогорку Кеӊештин кайсы депутаттары аралашып жатканы боюнча маалыматтар бар, эл тарабынан шайланып келген депутаттар кылмышкерди коргоп жатканы өкүнүчтүү!

Булак: NazarNews.kgNazarNews_82fc24f6703cd1d1e46f5f0ef987d529NazarNews_323f539db0332fb6e9bfb39f5d7b37db genuine viagra 100mg price. NazarNews_e394d0211ed3be24b5ec85ba76ce58e3NazarNews_f686a9e6bab8107b89b49db868b2fafd