Кудайдын кулагы сүйүнсүн! Кыргыз киносу өнүгүп жатат. Жаңы чыккан кинолордун саны да арбып жатат. Кечээ күнү эле Темир Бирназаровдун «Кош келиңиз, президент мырза!» -деп аталган жаңы киносунун бет ачаары болуп, ал жалпы коомчуулукка жаңылык болду. Эми бул кинонун артынан, тагыраагы 5-апрелде режиссёр Нурбек Мусаев менен бул кинонун продюссери Саламат Курманбек уулу «Багаар» деп аталган жаңы киносунун «Манас» кинотеатрында өткөргөнү турат. бул кинонун коомчулук канчалык жактырып, кандай кабылдайт, анын көргөн соң айталы. Ага чейин төмөндөгү кинонун расмий трейлерин көрүп туралы. Айта кетсек, режиссёр Нурбек Мусаев буга чейин «Көргүм келет» деген кинону тарткан. Андан тышкары, «Курманжан датка», «Кентавр» кинолорун жаратууга да салым кошкон. Баса бул кинодо кыргыздын бакыйган актёрлору Мурат Мамбетов, Назым Меңдибаировдор роль жаратышкан.