Домой Коом Жыпар Жекшеев: Абдылда Капаров жалган жалаа жапкан, биз аны чакырып сураганыбызда эч...

Жыпар Жекшеев: Абдылда Капаров жалган жалаа жапкан, биз аны чакырып сураганыбызда эч нерсе айткан эмес

162

how long does cialis professional last.       Жыпар ЖекшеевОш облук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров убагында биртуугандар Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков Ошко бөлүнгөн үч миллион долларды жеке кызыкчылыгына пайдаланышкан таризинде жалган жалаа жапкан эле. Анын мындай куру дооматы сот тарабынан да жокко чыгып, биртууган Жээнбековдордун актыгы далилденген эле. Абдылда мырза учурда темир тор артында отурат. Ошого карабастан, КСДПнын саясый кеңеши премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президенттикке бирдиктүү талапкер катары алып чыкканы А.Капаровдун “жөө жомогун” кайрадан интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу таратып, айрым оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттары ага саясый боек сүртүү менен алек. Себеби түшүнүктүү: саясатчылар, саясый топтор Сооронбай Шариповичти башкы атаандаш санагандыктан, мындай чындыкка такыр коошпогон, абакта жаткан адамдын ойдон чыгарылган сөздөрүн пайдаланып, өкмөт башчысын каралоо максатын коюшту.

Дал ушул маселе көтөрүлгөндө бир катар абройлуу саясатчылар, коомдук ишмерлер басылмалар аркылуу үн катып, Абдылда Капаровдун кинелерин жокко чыгарышкан эле. Маселен, коомдук ишмер, июнь окуясын иликтеген улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев “Жаңы Агым” гезитине курган маегинде А.Капаровдун “беш өрдөк учурганын” баса белгилегени бар. Биз ошол маекти эч өзгөртүүсүз сунуш кылабыз.

— Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров маалымат каражаттары аркылуу: «2010-жылы Ошко бөлүнгөн 3 миллион долларды Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков алып коюшкан» деген негизсиз айып тагууда. Чын эле ошончо каражат бөлүндү беле?

— Бул аябай эле чоң акча, жөнү жок эле бирөөдөн алып чөнтөккө салып алууга болбой турган сумма. Анын ошончолук деңгээлде жоопкерчилиги бар болчу. Элди тынчтандыруу үчүн атайын акча бөлүндү деп бир топ ызы-чуу болушпады беле, андан кийин муну жөн эле жалаа жабуу деп түшүнсөк болот. Мен бул маалыматка такыр ишенбейм.  Анын үстүнө ал учурда Жээнбековдордун ээлеген кызматы деле анча чоң эмес болчу. Демек, мындан улам алар ал жерде  чоң акча кармаган деле эмес деп түшүнсөк болот.

Асылбек Жээнбековду ошол маалда гана эмес, азыр деле акча алды десе эч ким ишенбейт. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турса да андай акча алууга эч кандай жол берилбейт. Экинчиден, адамдын өз өзгөчөлүгүнө карап да айтууга болот. Ошондуктан мен бул сөзгө такыр ишенген жокмун. Анчалык болуптур, А.Капаров эмне үчүн мунун баарын ошол апрель  окуясынан кийин айтып чыкпайт? Жөн гана айып тага берүүнүн чеги да болот эмеспи.

— Ошол эле А.Капаров «Жээнбековдор 145 автомат, 20дан ашык тапанча таратышкан. Аны менен кимди атышты билбейм» дейт. Бул боюнча кандай маалыматыңыз бар?

— Мен ошол Ош коогалаңы боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү катары айтып коеюн. Биз териштирип, иликтеп баарын тактаганбыз. Бирок, андай эч кандай акча алуу же курал таратуу боюнча маалымат аныкталган эмес. Эгерде ошондой болсо, бирөө болбосо, бирөө айтып келет болчу. Ал жерде эмне деген сырлардын баары айтылды. Бирок, Жээнбековдор жөнүндө эч кандай жаман маалымат айтылган эмес. Бул жерде Капаровдун коомчулукка айыптоосу курулай, кара пиар жасоо максатында болуп жатканын түшүнсөк болот.

— Ошол Ош окуясын иликтөөгө алганда Абдылда Капаровдон да сурадыңыздар беле?

— Андан да сураганбыз, кызыгы ал эмне үчүн ошол учурда айтпайт да, азыр айтып жатат? Мындан улам, анын бул аракетин шайлоо алдындагы компрамат издеп, каралоосу деп түшүнсөк болот. Ал учурда тиешелүү бир да киши калбай баары суралган. Эгер бул чындык болсо Капаров азыркыдай ошол учурда эле сайрап чыкмак