Домой Коом Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер: “А.Капаровдун айткан сөздөрүн сот дагы, июнь окуясын иликтеген...

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер: “А.Капаровдун айткан сөздөрүн сот дагы, июнь окуясын иликтеген комиссиялар дагы төгүнгө чыгарган”

221
Topchubek Turgunaliev, an advisor to the president on political issues, speaks with Butun Kyrgyzstan (United Kyrgyzstan) protestors outside the Central Elections Commission offices in Bishkek on October 12, 2010.

     Topchubek Turgunaliev, an advisor to the president on political issues, speaks with Butun Kyrgyzstan (United Kyrgyzstan) protestors outside the Central Elections Commission offices in Bishkek on October 12, 2010. КСДПнын саясый кеңеши 17-майдагы отурумунда өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековду президенттикке бирдиктүү талапкер катары көрсөткөнү интернеттеги социалдык түйүндөрдө, оппозициялык маанайдагы айрым маалымат каражаттарында айтыла берип ашмалтайы чыккан Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаровдун “биртууган Жээнбековдор апрель окуясынан кийин Ошко бөлүнгөн 3 млн. долларды алып коюшкан” таризиндеги “жөө жомогу” кайрадан чагылдырыла баштады. Бул дооматтар эчак эле сот тарабынан жокко чыгып, А.Капаров жалган жалаа жапканын мойнуна алганы маалым. Эми саясат деген ушундай экен, президенттик көздөн учкан “азаматтар”, саясый топтор башкы атаандаш саналган Сооронбай Шариповичти кандай гана жол менен болбосун каралоого өткөнү айтпасак деле түшүнүктүү. Бирок коомчулук буга ишенбеши аштан бышык.

Апрель окуясынын катышуучусу, белгилүү коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев “Азия-Ньюс” гезитине курган маегинде А.Капаровдун биртууган Жээнбековдорго койгон кинелерин “сандырак кеп” катары баалаган. Биз ошол маекти сунуш кылабыз. Коомчулук кимдин ким экенин билсе деген гана тилектебиз.     

— Топчубек мырза, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров «2010-жылы Ошко бөлүнгөн 3 миллион долларды биртууган Жээнбековдор алып коюшкан» деген айып тагып келет. Апрель окуясынын башкы катышуучуларынын бири катары мындай дооматка ишенесизби?

— Бул маселе боюнча көп талаш-тартыштар болуп бүткөн. А.Капаров эчак эле Ош шаардык соту, Ош облустук сотунан утулуп калып, акчалай доого жыгылган. Эгер чыныгы далилдерт болсо Капаров жөн жатпай кийинки истанцияга кайрылат эле. Ал утулганын мойнуна алып, унчукпай жатып эми чыгып жатканы таңкалычтуу. Анын Жээнбековдорго өчөшүп калуусунун себеби бар. Ал Ош облустук ички иштер башчылыгынан алынганын Жээнбековдордон көрүп атса керек. Кыскасы, жеке таарынычтардын кесепетинен чыккан сөздөр.

buy nolvadex online india. — А.Капаров «Жээнбековдор 145 автомат, 20дан ашык тапанча таратышкан. Аны менен кимди атышты билбейм» дегендей кызык ой айтыптыр…

— Буга биринчи суроодогудай эле жооп берсек болот.  Анын баарын сот эчак караган. Сот эле эмес, июнь окуясын иликтеген комиссия да карап, эч кандай далилди таба алган эмес. Андыктан, А.Капаровдун курулай дооматтары негизсиз.