Домой Коом Туруктуу позиция жана талыкпаган эмгек – Кыргызстандын бекемделишине кошкон салым

Туруктуу позиция жана талыкпаган эмгек – Кыргызстандын бекемделишине кошкон салым

97

  Сооронбай Жээнбеков  Эч кандай интригага аралашпаган, курулай төш кагуулардан алыс жүргөн, учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков күз айында өтө турган президенттик шайлоого КСДПнын саясый кеңеши тарабынан бирдиктүү талапкер катары жылдырылганы коомчулук тарабынан өтө жылуу кабыл алынды. Басып өткөн жолу таза, коррупциялык иштерден алыс жүргөн саясатчынын өлкөбүздөгү кадыр-барктуу, чоң партиянын атынан талапкер болуп атканы келечекке болгон терең ишенимди жаратууда.

Албетте, атаандаштар тарабынан чабуулдар башталды. Бирок, эч кандай олуттуу кынтык таба алышпагандыктан улам үстүртөн, жалпылаштырып сынга алгандар гана болууда. Сооронбай Шарипович өзүн өзү пиарлоону өздөштүрбөгөндүктөн, экинчи жагынан андай аракеттерди жасоо көңүлүнө анчейин жага бербегендиктен, анын жасаган иштери тууралуу балким айрым саясатчылар биле бербесе керек. Бирок, карапайым элибиз эң сонун билет.

Биздин каарман 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Ош облусунун губернатору болуп турганда облус экономикасын, социалдык абалын жакшыртуу боюнча милдеттүү түрдө аткаруучу иштерин айтпасак да, төмөндө биз келтире турган эки фактор анын өмүр-таржымалы үчүн гана эмес, жалпы мамлекетибиз үчүн да маанилүү.

 

Мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого кошкон салымы

С.Жээнбеков 2010-жылдын 8-апрелинен тарта Ош облусу боюнча революциялык кыймылдын башында турган. Ошол убакта жалпы республикабыздагы кырдаал кандай болуп турганын баарыбыз жакшы билебиз. Борбор калаадан качкан К. Бакиев адегенде өзүнүн туулган жери Жалал-Абадга барып, андан соң Ошко жетип, эилибизди түндүк-түштүккө бөлүүгө чакырык жасап, «мени түндүктүктөр кубалап жиберди» дегендей маанайда бузукулугун баштаганда Сооронбай Жээнбеков ага ачык каршы туруп, элдин биримдигин сактап калган. Ачыгын айтыш керек, ал убакта саясатчылардын көпчүлүгү «кырдаал кандай болуп кетет экен, балким кайра Бакиевдер өз бийлигине ээ болуп калабы?» деген арсар ойдо турушкан. Алардан айырмаланган учурдагы премьер-министр «эң башкысы – өлкөнүн бүтүндүгү, элдин биримдиги» деген позицияны карманып, Бакиевдерге жалтактабай ачык каршы турду.

Андан бери жети жыл убакыт өттү. Ал күндөрдүн курчтугу унутта калгансып баратат. Бирок, ал күндөрдүн өтө оор болгонун, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө чындап коркунуч туулуп турганын, Бакиевдердин максаты элди-жерди бөлүп-жаруу менен өздөрүнүн бийлигин сактап калуу болгонун ошол окуяларга аралашып жүргөндөр унута элек. Мындай оор кырдаалда С. Жээнбековго окшогон элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон эл уулдары керек болчу. Ал өзүнүн ошол кырдаалдагы чыныгы патриоттук милдетин так аткарды. Ошентсе да, «мен ушинттим» деп төш кагып мактанган жок. Ал ошол сапаты менен башкалардан айырмаланып турат.

 

cheap xenical uk. Улуттар аралык ынтымактын чыңдалышы – мамлекеттин күчтүү болушуна алып келет

2010-жылы Апрель революциясынан кийин эле көп өтпөй, ансыз да алсызданып турган өлкөбүз үчүн дагы бир кооптуу окуя – июнь коогалаңы болуп кетти. Апрель окуяларында мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн чоң күч жумшаган Сооронбай Жээнбеков июнь коогалаңы учурунда облус губернатору катары эл кайгысын кошо тартып, кандуу окуяларлын борборунда жүрдү. Каргашадан кийин жабыркай түшкөн улуттар аралык мамилени калыбына келтирүү анын мойнуна жүктөлдү. Чындыгында ал убакта жакындарын, туугандарын, балдарын, ата-энесин жоготкон адамдар үчүн өтө оор күндөр эле. Алар эч кимге ишенбей калган. Мына ушундай кыйынчылыкты да С. Жээнбеков өзүнүн токтоо, сабырдуу мүнөзү менен жеңе алды. Эки тарап менен бирдей диалог жасап, көтөрүмдүүлүгү менен, элге жугумдуулугу менен улуттар аралык биримдикти калыбына келтире алды. Жергиликтүү элдин, мамлекеттик органдардын жана тынчтыкты курууга жардам берген эл аралык уюмдардын колдоосунда Ошто конфликттен кийинки тынчтыкты орното алды.

Эмоцияга алдырбагандыгы, көтөрүмдүүлүгү жана ар бир ишти салмактай алганы менен Сооронбай Жээнбеков саясый туруктуулуктун камсыздалышына салым кошуп, элдин тынч жашоосуна алып келди.

 

Элдин камын ойлоо, келечек муунга кам көрүү — жетекчиде болуучу башкы сапаттар

Облус губернатору катары Сооронбай Жээнбеков өзүнө тагылган милдеттери так аткарды. Албетте, анын жасаган бардык иштерин тизмектей берсек, узак сөз болот. Андыктан бир-эки гана мисалга токтоло кетели.

Ош шаарынын тургандары Сооронбай Жээнбековдун «Кеңсай», «Ачы» массивдерин өздөштүрүп, жер алууга укугу жок делген шаар тургундарына жер тилкесин бергенин ушул күнгө чейин унутуша элек. Ошол убакта шаар тургандарынын жер тилкесин талап кылуусу – эң башкы социалдык курч маселелерден эле.

Өлкө келечеги – бул жаш муундар, бөбөктөр экендигин эске алуу менен Ош облусу боюнча балдар бакчаларынын санын көбөйтүүгө көп күч жумшаган. Бул дагы ошол убактагы башкы социалдык курч маселелерден болчу. Андан сырткары тоолуу аймактарда спорт залдар, мектептер курулган.

Дагы бир айта кетүүчү жагдай – ал губернатор кезинде ыксыз чыгашаларды жоюу жылын белгилеген. Мунун арты менен ашыкча чыгашалар коштолгон той-аштар азайган. Бул да ошол убактагы негизги маселелерден эле. Себеби куру намыска алдырып, калктын аялуу катмары да жакшылык-жамандыкта башкалардан калгысы келбей чарпылуу менен өздөрүнүн социалдык абалын ого беш бетер начарлатып келишкен эмеспи.

Айтор, Сооронбай Жээнбеков – чыныгы эл камын ойлогон жетекчи экенин көрсөтүп келет. Андыктан татыктуу талапкер тандалганына эл дагы ыраазы.