Домой Коом ГҮЛЗАТ МАМЫТБЕК ЖАЛГАН ЖАЛАА ҮЧҮН КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ ТАРТЫЛЫШЫ МҮМКҮН

ГҮЛЗАТ МАМЫТБЕК ЖАЛГАН ЖАЛАА ҮЧҮН КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ ТАРТЫЛЫШЫ МҮМКҮН

216
Жогорку сот Гүлзат Мамытбековдун мурдагы күйөөсү Талант Курманкуловду актады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирген.

Анын айтымында, Гүлзат Мамытбек Талант Курманкулов сабаганын айтып, милицияга кайрылган.

«Талант Курманкулов толук акталды. Гүлзат Мамытбекдин айткандары такталган жок. Эми биз жалган жалаа үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышын талап кылабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек өзүн «кыргыз деми» деп атап, мотивациялык окууларды өткөрүп келет.

Талант Курманкулов экөөнүн ортодо үч баласы бар.

Булак: Элдик Медиа