Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова Чыңгыз Айтматовдун үй музейи мамлекеттик колдоодон ажыратылганын Твиттерге жазган.
Ширин Айтматова бул «аракеттерди» өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштырып, «бийлик эртең атасынын сөөгүн Ата-Бейиттен казып алып, таштандыга ыргытып салса да таң калбай турганын» жар салды.
Не удивлюсь если власть пойдет выкопает Айтматова и выкинет его из Ата-Бейита на помойку так как им не нравится, что дочь Айтматова говорит правду. Ну, если это их уровень, лопату им в руки.
Чыңгыз Айтматов көп жылдар бою Ала-Арчада жашаган үйү 2013-жылы музей болуп түптөлгөн. Чет өлкөнүн президенттери баштаган сыйлуу коноктор үй-музейге барып турат. Бирок мамлекет тарабынан улуу жазуучудан мурас калган жайга таптакыр акча бөлүнбөйт.
Булак: Жебе Медиа