Мекеменин маалыматына караганда, эгер буга чейин Кытайдан келгендер гана карантинге алынып жаткан болсо, эми Түштүк Корея, Жапония, Иран жана Италиядан келгендер боюнча да чара көрүлөт.
«26-февралга карата Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жуктургандар катталган жок. 158 адам стационардык негизде, дагы 408 адам жашаган жеринде доктурлардын көзөмөлүндө турат» деп билдирди министрлик.
Кытайдан тышкары 35 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2715 адам каза болду, 30 миңдейи айыгып чыкты.
Булак: Азаттык