Кызмат талашуунун жаӊы ыкмалары көбөйдү. Айрыкча фейсбукта фейк акаунттардын согушу. Атайын баракчалар жана фейктер менен фейктердин урушу. Түшүнгөн кишиге саясат кайнайт. Бирине кызмат, бирине акча керек өӊдүү. Сөз башынан болсун…
Илгери гезиттер ушактарды чыгарып, саясий интригаларды жаратып анан коомчулукка сөз тарачу эле. Азыр анын ордун дал ушул фейсбук ээлеп калды. Ар кандай видеолор, аудиолор сүрөттөр менен макалаларга жык толду. Чынында алардын негизги мазмунун айрып билүү үчүн бир аз ойлонушуӊ керек. Биздей жөнөкөй элдер бул өӊдүү маалыматтарды талдай албай баш катырабыз…
Соӊку учурда Финполиция, Транспорт жана жолдор министрлигине болгон чабуул күч алды. Өйдө жакты айтпай эле коёюн… Жумушунан куулгандар же коррупциялык схемалар аркылуу жашылбайларга туйтунуп жүргөндөр экенине ынандым. Маалыматтарды талдай окуй келсеӊ дароо билинет, бир кызматта иштеген бир адисти аты-жыты жок бир барак “шыбай” баштаса эле “эмне болуп кетти?” деп чочуйт экенсиӊ… Андан соӊ экинчи тарап актанууга өтөт. Бул эми организмдеги кан сындуу жылжып жүргөн маалымат “согуштары”. Саясатты өз ишин билбеген, чөнтөгүнүн гана кызыкчылыгын көздөгөндөр жасайт дегенге ишенем. Анткени, интригалар менен дал ушундай колу бош, колунан эч нерсе келбегендер алектенет. Мисал келтирсеӊ толтура. Фейсбуктагы ар бир экинчи пост ошондой болуп калган өӊдү. Бирок, ошондо болсо да соӊку учурдагы Транспорт жана жолдор министрлиги да жөнү жок каралоого кабылгандай… Компрамат.кг деген өӊдү фейсбуктагы баракчаларда тендер боюнча, жолдор боюнча мындай-тигиндей дешип, бири-бирин эле кууруп жеп калды. Аталган министрликти жамандап жаткандар дал ошондой мурда-кийин министрликте иштеп асмандан “жааган” акчалардан кур калгандар же тендерден өтпөй калгандар экени айтпаса да белгилүү. Эмнеси болсо да мындай процесстер жаӊы министр Жанат Бейшенов мырзанын оӊ жолдо иштеп жатканынан кабар берип жаткандай…
Анткени, бул логикага бекеринен токтогонум жок. Жаӊы кызматка келгенде ордун сактап калыш үчүн да, чоӊдоруна жагуу үчүн да жан үрөп иштейт эмеспи, ким болбосун… мына ушундай маалында эле күнөө коюп жатса ким ишенет? Бул жагына түшүнсөӊөр керек… Тендерден утулгандар менен жемкорлор деген божомол туура келчүдөй…
Аруузат Акбекова