“Акнет” жоопкерчилиги чектелген коомуна карата козголгон кылмыш ишинин тергөөсү толук бүтпөй, эмдигиче бул кылмыш иши Чубактын кунундай чубалжып жатат. Аталган компанияга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 2018-жылдын ноябрь айында эле иш козгогон. Компаниянын өкүлдөрү мурда аткаруучу директор болуп иштеп кеткен Руслан аттуу жаран «Акнетке» каршы негизсиз арыз берип, компанияны рейдерлик жол менен тартып алууну көздөп жатканын билдирип, митингге да чыгышкан болчу. Тергөөнүн жүрүшүндө ЭКККК “Акнеттин” кеңсесин тинтип, мыйзамсыз документтерди, ошондой эле, тапанча ок дарылары менен табылган. Мындан тышкары, салыкка түшпөй калган 150 миллион сомдун казынага кайтарылганы маалымдалган. Бул жагы жакшы дейли. Бирок “Акнетке” козголгон кылмыш иштин көшөгө артында катылган кызык иштери да аз эмес экен. Биз Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын буга чейин коомчулукка ачыктала элек, коррупциялык иштерин ачыктайбыз. Белгилей кетсек, өткөн жумада биздин гезитке “Акнет” боюнча президентке негиздөөчүлөрүн биринин адвокаты Рустам Абдурауфов кайрылуусу жарыяланган. Азырынча Ак үй тараптан кыймыл боло элек.
Белгилүү болгондой “Акнетке” козголгон кылмышты ЭКККК талапка ылайык аягына чыгара албаган соң, ал ишти ИИМ өз көзөмөлүнө алып, учурда тергөө ишин жүргүзүп жатат. ЭКККК эмен үчүн талапка ылайык иш алып барган жок? Бул кылмыш ишти аталган кызматтын жетекчиси Бакир Таировдун орун басарлары Абдылдаев Сагынбек Токонович менен Жамгырчиев Эмил өз көзөмөлдөрүнө алышып, жеке кызыкчылыктардын негизинде алдыга жылдырып олтурышканы азыр билине баштады. Баса, Абдылдаевди бул кызмтка Тариовдун биринчи орун басары Эмил Жамгырчиев “өз киши” деп сунуштап, алп келген экен. Жамгырчиев аркылуу бул кызматка жетишкен Абдылдаев ЭККККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы М. Мамарасуловду (ал “Акнеттин” ишин иликтеп жаткан) кызматтан болбогон шылтоолор менен бошотуп, анын ордуна бул кызматтык орунга деңгээли жетпеген, тажрыйбасыз Н. Казыбековду алып келет. Бул адамга мурун УКМКда иштеп жаткан кезде, пара менен кармалып, иш козголгон. Ал Казыбеков аркылуу “Акнеттин” ишин өзү каалагандай калчай баштайт. Кылмыш иши тергелип бүтө элек кезде жетекчи Бакир Таировго рапорт жазат. Ал рапортто Абдылдаев: “Козголгон кылмыш иштин алкагында Акнеттин” эсептик счётуна коюлган камакты алып салышыңызды өтүнөм. Себеби, аталган компаниянын иши үзгүлтөккө учурабашы керек. Төлөмдөр да өз убагында жүрүшү зарыл” — деген жүйөнү келтирип, Таировду көндүргөн. Иттин өлүгү мына ушул жерде экен. Ошентип, “Акнеттин” Кыргыз инвест кредит банкындагы эсебине коюлган камак алынгандан кийин, кыска убакыттын ичинде 280 миллион сом (долларга которгондо 4 миллиондон ашык) чыгарылып, ал акча тиешелүү адамдар тарабынан оффшордук зонага которулуп кеткен. “Акнеттин” жетекчиси К. Ажымүдүнов көп убакыт бою Сагынбек Абдылдаевге кеңседе, кафелерде байма-бай жолугуп, анын айтканын кылып жүргөндөрү боюнча бир катар фактылар бар. Акыркы маалыматтарга таянсак, Ажымүдүнов Абдылдаевдин иш бөлмөсүнө келип, 400 миң доллар (сыртка чыгарылып кетти делген 4 млн. доллардын 10 пайызы) пара бергени айтылууда. Албетте, Абдылдаев мына ушул иш үчүн ушундай кадамдарга барышы мүмкүн. Дагы бир себеби, Абдылдаев менен Ажымудунов жердеш болушат. Бул маселени Президент, УКМК, Башкы прокуратура көзөмөлгө алып, тыкыр иликтеши зарыл.
Акырында Жамгырчиев менен Абдылдаевдин дагы бир мыйзамсыз иштеринен учкай кеп улай кетели. Бул эки орун басар ЭККККдагы 22 адамды негизсиз кызматтан бошотуп, алардын ордуна өз кишилерин алып келишиптир. Экөөнүн “өздүк” кадрларынын саны бүгүнкү күндө 38ге жеткен. Арасында мурда кылмыш козголуп, соттолгондор да бар. Мисалы, ЭККККнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына башчы болгон А. Токтосунов Абдылдаевдин атасынын досунун баласы экен. Токтосунов адам мурун пара алып, соттолгон. ЭККККда бир да күн жоопту кызматта иштеген эмес. Ал эми Сокулук раойону боюнча башчы У. Керимбеков Абдылдаевдин “полчаны” болсо, Аламүдүндөгү башчы М. Богишев досу экен. Алар Апышевди да жооптуу кызматка алып келишкен. Көрсө, Жамгырчиев менен Апышев ИИМде чогуу иштешкен экен. Кыскасы, бул боюнча да тыкыр иликтөөлөр жүрсө, дагы далай кызыктар калакып чыгары түшүнүктүү болуп калды.