Кыргызстандык ишкер Адилет Боотаев 15 жылдан бери үй-бүлөсү менен түптөгөн бизнесин казакстандык олигарх Кайрат Мажибаев тартып алуу аракетин көрүп жатканын «Кактус Медиага» билдирген. Боотаевдин билдиргенине караганда, анын үй-бүлөсү “Мобильник” жана “QIWI Кыргызстан” бизнес долбоорун түзүү үчүн ири суммада насыя алып, көп эмгек короткон.
“Мен “Мобильник” жана “QIWI Кыргызстан” долбоорлорун ишке ашыруу үчүн дээрлик 15 жылда бүт күч аракетимди жумшадым. 2017-жылы сентябрь айында казакстандык белгилүү ишкер Кайрат Мажибаев бизнестин бир бөлүгүн сатууну сунуш кылды. Макулдашуу боюнча 49% «Мобильник» жана 25% «QIWI Кыргызстан» компанияларында менин үлүшүм калды. Ал эми 51% «Мобильник», 75% «QIWI Кыргызстан» Кайрат Мажибаевге сатылды.
Учурда банктан алынган насыянын көлөмү көп болгондуктан, аны төлөө үчүн бизнестин бир бөлүгүн сатууга туура келди. Эң негизгиси — Кайрат Куанышбаевич «Мобильник» компаниясын Орто Азиянын рыногуна алып чыгууну убадалаган. Мен эл аралык биржада соода жүргүзгөн, Кыргызстандан старт алган бизнес ээси болмокмун. Мындай сунуш жашоодо бир жолу эле болот го деп ойлодум. Анан компаниянын бир бөлүгүн сатууну чечтим. Эгер биз келишкен макулдашуу ийгиликтүү ишке ашканда, мен жакшы каражат тапмакмын”, — деди Боотаев.
Бирок Адилет Боотаев күткөндөй, ага ийгилик жылмайган эмес. Тескерисинче Боотаевдин кирешелери кескин азайып кеткен.
“Бул маселе биздин бизнести жакшырткан жок. Кайрат Мажибаев биздин компанияларга Александр Манаенконун жетекчиликке дайындап, «Мобильник» компаниясын банкротко түртүп, компаниянын бүт объемдорун «QIWI Кыргызстанга» өткөрө баштады. Анткени ал жакта менин болгону 25 пайыздык үлүшүм бар. «Мобильник» «QIWI Кыргызстандан» эки эсе чоң. Ошондуктан менин кирешелерим азайып, Кайрат Мажибаевдин үлүшү жогорулап жатат”, — деди Боотаев.
Адилет Боотаев «QIWI Кыргызстан» компаниясындагы акыркы кырдаал боюнча төмөнкүлөрдү айтты.
“Мага жеткен маалыматтар боюнча, учурда «QIWI Кыргызстан» компаниясында кызматкерлердин баары алмашкан, алардын көбү кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Кайрат Мажибаев «Мобильник» комапниясынын башкаруусуна да өз кишилерин коюп, мага дивидент берүүнү токтотту. Бардык каржы документтерине байланыштарды үзүп, компанияны башкаруудан мени чыгарды. Учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына кайрылгам. Алар маселени иликтеп жатышат”, — деп билдирди Боотаев.