Айпери Медет кызы Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда жарым финалга чыкканы маалым болду. Дүйнө кубогу ушу тапта Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.
Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта килемге чыгып, мелдешти чейрек финалдан баштады. Алгачкы беттешинде Айпери болгариялык Мария Оряшкованы 5:1 эсебинде утуп алды.
Эми анын жарым финалдагы атаандашы германиялык балбан айым Аллин Роттер Фокен болмокчу. Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.
Эми Айсулуу финалда Европа чемпиону, латвиялык балбан Анастасия Григорьева менен күч сынашмакчы.
Финалдык беттештер бүгүн, 15-декабрда Бишкек убактысы боюнча 23:00дө башталат