Ал 62 кг салмакта күч сынашып, үч ирет катары менен жеңишке жеткен. Бүгүн финалда Латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшөт. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.
Григорьева 30 жашта жана карьерасын 2006-жылы Түндүк Нордика Чемпионатында жеңип алуу менен баштаган.
Чоңдордун деңгээлинде Латвиядан келген спортчу дагы жакшы жыйынтыктарга ээ. Ал Европанын төрт жолку чемпиону – 2010, 2012, 2014 жана 2016. Ошондой эле анын дүйнөлүк биринчиликтин эки коло медалы жана 2019-жылы Минск шаарында өтө турган Европа оюндарында жеңиши бар.