Чүй облусунун Кемин районунда 2005-жылы төрөлгөн өспүрүм 13-декабрда өзүн өзү атып алып жарадар болгону тууралуу маалымат ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн.
Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы жарадар болгон өспүрүм 15-декабрда каза болгонун билдирди. Маркумдун атасы тергөө маалында эки күн мурда уулу айылдан анча алыс эмес жайыттан курал таап алганын, куралды ал ичиндеги огун чыгарып, гаражга катып койгонун айткан.
Азыркы тапта баланын өлүм себебин аныктоого тийиштүү экспертизалар да тартылды. Окуя Кемин районунун Кызыл Октябрь айылында болгон.