Домой Коом Депутат Марлен Маматалиев «Республика» партиясынын чыкты

Депутат Марлен Маматалиев «Республика» партиясынын чыкты

103

«Убагында Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилл «менин эң негизги максатым — элге кызмат кылуу, кызмат кылыш үчүн ошол учурда кайсы партия бийликке келе алса, ага кошулуп элге кызмат кылам» деп айткан. Ошол сыяктуу мен кырдаалды карап, «Республика» партиясынан чыгууну чечти», — деди Маматалиев.

Депутат учурда бир нече партиядан сунуш түшүп жатканын кошумчалады. Алардын ичинде «Мекеним Кыргызстан» партиясы бар экенин жана жакынкы күндөрү чечим кабыл аларын билдирди.

Буга чейин айрым сайттар «Мекеним Кыргызстан» партиясынын саясий кеңеши жаңыланып, ага Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев сыяктуу депутаттар киргенин жазып чыккан. Бул партияга киргендердин арасында Марлен Маматалиевдин да аты аталган болчу. Аты аталган башка саясатчылар комментарий бере элек.