Ырчы Самат Дөөлөтбаков Нурлан Мотуев менен биргеликте кавер ырдап чыкты. Ырчы өз сөзүндө «Мен көптөн эле, Нурлан байкени чакырайын деп жүргөм, анткени, Нурлан байкенин «иливой» ыры интернетте хит болуп жатат. Ал эми Нурлан байке да, профессионалдуу студияда ырдайм деп, кыялданып жүрүптүр»-дейт.
«Достор, биздин каверди «серьезно» кабыл албай, жакшы ниет менен кабыл алыңыз. @nurlan_motuev_official байке да, мен дагы профессионал ырчылардан эмеспиз, ырчылык билимибиз жок, ырдоо — биздин хоббибиз. Андыктан жөн гана жакшы маанай жана позитив берели деген ойдо ырдадык.
Эгер жаман сөз камтыган, сөккү комментарий боло турган болсо, дароо блокко кетесиз. Эскерттим )) Бирок, «адекваттуу критикага» ачыкпыз. Алдын ала рахмат»-деген билдирүү калтырган.
https://www.instagram.com/p/CBCgoEsAoE2/?utm_source=ig_embed