Фейсбук колдонуучусу Темир Махмудов Кыргыз темир жолуна караштуу «Жаштар үйү» жатаканасынын коменданты А.Байсалбаева «Мени мектеп жашындагы балам менен жатаканадан кубалап жатат, COVID- 19 пандемиясына карабай туруп, эми мен көчөдө балам менен күндөп-түндөп жата берем. Быйыл 2020-жыл балдарды коргоо жылы деп президент С.Ш.Жээнбеков атайын жарлык жасаган. Менин мектеп жашындагы баламдын аң-сезимине доо кетип жатат. Балдарды коргоо жылы эмес эле БАЛДАРДЫ кордоо жылыбы?» -деген видео кайрылуусун жарыя кылды.
https://www.facebook.com/temir.mahmudov.3/videos/831796417348232/