Домой Саясат Дастан Догоевдин ордун Бакыт Шаршембиев ээлейби?..

Дастан Догоевдин ордун Бакыт Шаршембиев ээлейби?..

339

Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттинин төрагасы Дастан Догоев жумуштан кетүү арызын официалдуу түрдө жазганын өкмөттөгү өздүк булак билдирди.

Мындан бир нече күн мурун ЖМКлар “Догоев АКШдагы Гарвард университетине өткөн экен. Ошондуктан жумуштан кетүү тууралуу арызын жазды. Учурда бийлик анын оордуна IT тармагын жакшы билген адис издеп жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушка чыгат, ошондо арызга кол коет”, – экен деген маалымат тараган.

“Догоевдин ордуна талапкер болуп аталган комитеттин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев сунушталууда”-деп билдирет өздүк булагыбыз.

Эске сала кетсек, Дастан Догоевке чейин Бакыт Шаршембиев Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттинин төрагалык ордунан өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазып анын ордуна Дастан Догоев келген.

Булак: Багыт